Бишкек, "Саясат.kg". Террорчулардын башкы максаты – генерал-лейтенант Касем Сулейманинин көрүстөнүн жардыруу болгон.

Ирандын Чалгын министрлиги 3-январда Кермандагы көрүстөндө болгон кош жардыруунун негизги аткаруучулары катары Тажикстандын эки жаранын атады. Иран генералы Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурдагы жардырууда 91 киши өлүп, 280 адам жараат алган.

Чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Кермандагы кол салууну уюштурууга шектүү катары өлкөнүн ар кайсы аймагынан 35 киши кармалды. Мындан тышкары көрүнстөндөгү кош жардырууга чет өлкөлөрдө жүргөн дагы бир нече кишинин тиешеси бар экени аныкталып, аларды кармап келүү боюнча иштер жүрүүдө.

"Террорчулардын башкы максаты – генерал-лейтенант Касем Сулейманинин көрүстөнүн жардыруу болгон. Бирок ал жерде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция кызматкерлери менен техникалар коюлганын көргөндөн кийин баштапкы планын өзгөртүшкөн", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, акыркы алынган маалыматтарга ылайык, көрүстөндөгү кол салуунун уюштуруучусу жана башкы тарапташы Тажикстандын "Абдулло Тожики" аттуу каймана ысымдуу жараны болгон. Билдирүүдө анын чыныгы аты-жөнү жазылган эмес. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 19-декабрда аялы жана баласы менен бирге өлкөнүн түштүк-чыгыш чек арасынан мыйзамсыз кирип, Керман шаарына барган.

"Абдулло Тожики операцияны гана жетектебестен, колго бомба жасоо боюнча эксперт да болгон. Ал түрдүү жарылуучу заттарды жана электр детонаторлорун бириктирүү менен бомбаларды жасап, терактка эки күн калганда өлкөдөн чыгып кеткен. Тажикстандык экинчи шектүү катары 24 жаштагы Исроил Бозоров каралууда. Ал "Ислам мамлекети" террордук тобуна Telegram аркылуу кошулган деп болжолдонууда", – деп жазылган Чалгын кызматынын билдирүүсүндө.

Тажикстандын бийлиги өз жарандары Ирандагы жардырууларга шектелип жатканы боюнча комментарий бере элек.