Бишкек, "Саясат.kg". Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.
3-январда Ирандагы көрүстөндө болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобу өзүнө алды. Мындай билдирүү 4-январда аталган топко өнөктөш Telegram каналдарга жана "ал-Рауд" сайтына жарыяланды.
3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө иран генералы Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда эки жарылуу болгон.
Расмий Тегеран 84 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы 284 адам жараат алганын билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.
Иран жардыруулар үчүн Израил менен АКШны айыптаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин жана Израилден шек саноого да негиз жоктугун билдирген.
Бул кол салуу аймакта чыңалууну күчөтүшү ыктымал деген кооптонууну жараткан. Себеби Израил Газа секторунда ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы операциясын улантууда. Ал эми Йемендеги Иран менен байланышкан хусит козголоңчуларынын Кызыл деңиздеги коммерциялык кемелерге кол салуулары уланууда.
4-январь Иранда Аза күтүү күну деп жарыяланган.
Ирандын "Революция сакчыларынын корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.
Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.