Бишкек, "Саясат.kg". Документте тизмедеги жарандар менен компаниялар кайсы мыйзамдарды бузганы жазылган эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн 147 жаранына санкция салуу тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимин күчүнө киргизген эки жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Орусиянын, Кипрдин, Швейцариянын, Улуу Британиянын, Өзбекстандын жана Беларустун жарандарына каршы 10 жылга санкция салынат. Санкциялык тизмеге жеке тараптардан тышкары Орусияда, Кипрде, Бириккен Араб Эмираттарында жана Кытайда катталган авиациялык, курулуш жана технологиялык компаниялар да кирген.
Тизмеге Өзбекстандан "Аккерманн Цемент" (Ахангаран) жана "Ахангарацемент" компаниялары, ошондой эле Нарзиева Наргиза жана Носирхожиев Шахрух аттуу эки жаран кирген.
Санкция салынган адамдар менен компаниялардын активдери бөгөттөлүп, мүлктөрүн башкарууга тыюу салынат, соода жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүгө жарым жартылай же толук чектөө киргизилип, экономикалык жана каржылык милдеттенмелери убактылуу токтотулат.
Документте тизмедеги жарандар менен компаниялар кайсы мыйзамдарды бузганы жазылган эмес.
Жарлыкка ылайык, Украинанын Тышкы иштер министрлиги Европа биримдигинин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына бул санкцияларды сактоо тууралуу маалымат бериши керек.