Бишкек, "Саясат.kg". Жалпысынан келишимдин шарттарына ылайык, төрт күндүн ичинде 150 палестиналык туткун бошотулушу мүмкүн.

Газа тилкесинде Израил менен палестиналык ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) убактылуу ок атышпоо келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды.

Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнү жана барымтадагылар менен түрмөдө отургандарды алмашууну камтыйт.

Келишимдин шарттарына ылайык, бүгүн күндүз жихадчылар барымтадагы алгачкы 13 адамды – аялдар менен балдарды бошотууга тийиш. Бул болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө болот. Төрт күндүн ичинде ХАМАС барымтага алган 200дөн ашуун адамдын кеминде 50сүн бошотот деп күтүлүүдө.

Буга жооп иретинде бүгүн Израилдин абактарындагы 39 палестиналык туткун – аялдар жана жашы жете элек балдар бошотулушу керек. Жалпысынан келишимдин шарттарына ылайык, төрт күндүн ичинде 150 палестиналык туткун бошотулушу мүмкүн.

Убактылуу ок атышпоо келишими күчүндө кезде бардык согуштук аракеттер токтотулат. Тилкеге гуманитардык жардам киргизилет. Күн сайын 130 миң литр дизель жана 200 жүк ташуучу унаа жөнөтүү пландалууда.

Израил бийлиги бул элдешүү эмес экенин баса белгилеп, ок атышпоо келишими аяктагандан кийин ХАМАСка каршы күрөш улана турганын айтууда.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3 жарым миңдейи аялдар. Хамас көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.