Бишкек, "Саясат.kg". Бээжин Нинься-Хуэй жана Гансу провинцияларындагы мечиттерди жаап, сүрдүрүп же башка максаттарда пайдаланууга берүүдө.

Human Rights Watch укук коргоо уюму Кытайдын бийлиги системалуу түрдө өлкөнүн түндүк аймактарында мечиттердин санын азайтып жатканын билдирди.

Уюмдун 22-ноябрда жарыяланган баяндамасына ылайык, Бээжин Нинься-Хуэй жана Гансу провинцияларындагы мечиттерди жаап, сүрдүрүп же башка максаттарда пайдаланууга берүүдө. Баяндамада бул провинциялардагы шаар-кыштактардан чогултулган бир топ мисалдар сүрөттөрдүн коштоосунда жарыяланган.

"Мусулмандардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү да жок кылынууда. Алсак, ал жерлерде мунаралары буздурулган мечиттер бар. Бул түрдүү улуттардын жана диний топтордун өкүлдөрү жашаган аймактарды "кытайлаштыруу" саясатынын бир бөлүгү", – деп жазылган баяндамада.

HRW уюмунун Кытайдагы бөлүмүнүн директору Майя Вонг бийликтин бул кадамын дин тутуу эркиндигин чектөө жана өлкөдө ислам динин системалуу түрдө кысымга алуунун бир бөлүгү деп атады.

Баяндамада белгиленгендей, Кытайда "мечиттердин консолидациясы" тууралуу алгач Коммунисттик партиянын 2018-жылдагы документинде сөз болгон. Анда Исламды "кытайлаштыруу" стратегиясынын алкагында мамлекеттик органдарга "мусулмандардын диний жайларын курууну, реконструкциялоону жана кеңейтүүнү кабыл алынган стандарттарга ылайык жүргүзүү" тапшырмасы берилген. Ошондой эле анда түрттүрүлгөн мечиттер курулгандарга караганда көбүрөөк болушу керектиги жазылган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет. Бул маалыматтар иликтөөлөргө, күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделгени менен Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атаган.

БУУ Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулман азчылыгына жасаган мамилеси "адамзатка каршы кылмышка" барабар болушу мүмкүн деп эскерткен.