Бишкек, "Саясат.kg". Израил өкмөтү келишимдин шарттарын узак жана татаал талкуулардан кийин бекитти.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху шаршемби күнү эртең менен Газа тилкесиндеги салгылашуулар кеминде төрт күнгө токтотуларын билдирди.

ХАМАС радикал тобу (АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп тааныган) барымтадагылардын ичинен кеминде 50 кишини бошотууну убадалады. 200дөн ашык адам 7-октябрдагы кол салуу учурунда туткунга алынган.

Израил өкмөтү келишимдин шарттарын узак жана татаал талкуулардан кийин бекитти. Министрлердин үчөө каршы добуш берди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өкмөт ХАМАС менен келишимдин биринчи баскычынын кеңири схемаларын бекиткенин кабарлады.

"Ага ылайык жихадчылар уурдап кеткен 50 аял жана балдар төрт күндүн ичинде бошотулат. Бул учурда аскердик тыныгуу жарыяланат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кийинки баскычта ок атышпоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Согушчандардын колунан 10 адам бошотулган сайын согуш бир күнгө токтотулуп турат.

Ок атышпоо учурунда израил аскерлери Газадагы позицияларында калат, ал эми тилкенин түндүк бөлүгүнөн качкан тургундар кайтып келе алышпайт. Жарашуу учурунда гуманитардык жардам жана күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унаалар гана Газага киргизилет.

Бейшембиге чейин согуштук аракеттерди токтотуу мүмкүн эмес, анткени Израилдин сот органдары келишимдин мыйзамдуулугуна баа бериши керек. Ошондо барымтадагылардын биринчи тобу бошотулушу мүмкүн.

Бүгүн палестиналык жихад тобу 7-октябрда барымтага алынган израилдиктердин биринин өлгөнүн жарыялады. Анын аты аталган жок. Израил бийлиги бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.