Бишкек, "Саясат.kg". Анын айтымында, дарыгер аялга үч жолу ийне сайган.
Ташкентте тез жардам кызматынын дарыгери бейтапка сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын юстиция министринин кеңешчиси Шахноза Соатова билдирди.
"Бейтап кичинекей баласы менен жалгыз жашагандыктан жана түн болгондуктан аял дарыгер чакырган. Бирок ал убакта аял дарыгерлер жок болгондуктан, эркек дарыгер келген", — деп жазды Соатова.
Анын айтымында, дарыгер аялга үч жолу ийне сайган. Дал ошол учурда аял өзүн кызыктай сезе баштаган.
"Башым айланып, мас адамдай болуп, учуп бараткандай сезилдим. Мен эс-учумда болчумун, бирок буту-колум мага баш ийбей калды", - деген жабырлануучу.
Шахноза Соатованын айтымында, тез жардам дарыгери аялдын бул абалынан пайдаланып, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет жасаган. Бейтап каршылык көрсөткөн.
Республикалык тез жардам борборунун басма сөз катчысы Ирода Мирзабекова тез жардам кызматынын фельдшерине карата кызматтык териштирүү жана экспертиза дайындалганын кабарлады. Комиссия ал бейтапка кайсы маалда үч жолу ийне сайганын текшерет.