Бишкек, "Саясат.kg". Федерация Кеңеши бир күн мурун орус тилин кантип сактоо, коргоо жана өнүктүрүү керектигин талкуулаган.

Орусияда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой орус тили мамлекеттик тил болбогон өлкөлөрдүн жарандарына курьер, сатуучу жана таксист катары  иштөөгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттик угууда билдирди.

Федерация Кеңеши бир күн мурун орус тилин кантип сактоо, коргоо жана өнүктүрүү керектигин талкуулаган.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери постсоветтик республикаларда келечектүү деп англис тилин активдүү үйрөнүп жатышканын жана улуттук тилдерди өнүктүрүп, колдоп жатканын түз эле айтты. Толстойдун айтымында, Орусия буга каршы жооп бериши керек.

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен орус тили Беларуста гана мамлекеттик тил статусуна ээ. Казакстан менен Кыргызстанда орус тили расмий тил макамына ээ болсо, Тажикстанда улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат.