Бишкек, "Саясат.kg". Байден гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иштеп жатканын белгиледи.

АКШнын президенти Жо Байден Миннесотадагы шайлоо алдындагы иш-чарада Израил менен Хамастын ортосундагы согуштук аракеттерге тыным жарыялоо керектигин айтты.

"Менимче, бизге тыныгуу керек" деди Байден. "Тыныгуу" менен эмнени айткысы келгенин түшүндүрүүнү сураганда: ал "Барымтадагыларды бошотууга убакыт берүү үчүн тыныгуу керек", деп жооп берди.

Байден Израил-Палестина чатагы боюнча позициясын түшүндүрүп жатып, кырдаал израилдиктер үчүн да, мусулман дүйнөсү үчүн да "укмуштуудай оор" экенин айтты.

"Мен "эки мамлекет" формуласын колдогом. Мен аны башынан эле колдогом. Чындыгында Хамас террордук уюм", - деди АКШ президенти.

Ошол эле учурда Байден гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иштеп жатканын белгиледи. Ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисини Газа тилкесине жардам жеткирүүгө уруксат берүүгө көндүргөнүн айтты.

Ошол эле маалда АКШ президенти ок атышууну толук токтотууну колдогон эмес.

Байден укук коргоо уюмдарынын, дүйнөлүк лидерлердин жана ал тургай анын Демократиялык партиясынын либералдык мүчөлөрүнүн катуу кысымына туш болду. Алардын пикиринде, Израилдин Газаны бомбалоосу жамааттык жаза болуп эсептелет жана ок атышууну токтотууга убакыт келди.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8 миң 796 киши каза тапканын, алардын 3 жарым миңден ашууну балдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1 миң 400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер.