Бишкек, "Саясат.kg". Израил армиясы Газа тилкесиндеги операция учурунда 7-октябрда палестиналык радикал ХАМАС тобу барымтага алган израилдик аскер аялды бошотууга жетишкенин билдирди.

ЦАХАЛ билдиргендей, барымтадан бошотулган Ори Мегидиштин абалы жакшы жана үй-бүлөсү менен жолукту. Билдирүүдө калган барымтадагыларды бошотуу үчүн бардык аракет жасалып жатканы белгиленген. Барымтада 230дан ашык адам бар, көпчүлүгү – карапайым жарандар.

Барымтадагы адамды бошотуу операциясынын чоо-жайы айтыла элек.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы жаран бошотулганын ырастады. Анын айтымында, Израил ХАМАСты “жок кылмайынча”, ага каршы күрөшөт.

Бул арада ХАМАС барымтадагы үч адам тартылган видеону жарыялады. Радикал топ Израил бийлигин туткундарды алмашууга чакырды. Видео качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз. Израил бийлиги видеонун жарыяланышын “ырайымсыз пропаганда” деп атады.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. Согушкерлер 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Израил Газа тилкесине согуш ачкан.

Эки миллиондон ашуун эл жашаган Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 8 миңден көп киши, анын ичинде 3 жарым миңдей бала набыт болгонун билдирди.

Жогорудагы маалыматтарды көз карандысыз булактар бышыктай элек.