Бишкек, "Саясат.kg". Каза тапкан же жарадар болгон Казакстан жарандары тууралуу маалымат жок.

Израилде жашаган 100дөн ашык казакстандык элчиликтен өлкөдөн чыгууга жардам сурап кайрылышкан.

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров 16-октябрдагы брифингде билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде учурда Казакстандын 67 жараны калды. Үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге 100дөн ашуун адам бар. Каза тапкан же жарадар болгон Казакстан жарандары тууралуу маалымат жок.

«Айрым мекендештерибиздин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, чет элдик жарандардын документтери жок. Ушул жана башка уюштуруу маселелери менен казак дипломаттары да иштеп жатышат. Биздин дипломаттар мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Газа тилкесинен Рафах көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Египетке чыгаруу боюнча жергиликтүү бийлик менен күн сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деди Айбек Смадияров.

Смадияров 15-октябрда 19 казакстандык, анын ичинде бул өлкөдө атайын программа менен окуган 15 бала үчүн атайын каттам уюштурулганын кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги Израилде калган казак жарандары үчүн мындан ары атайын каттамдар болбой турганын эскертти. Ведомство Израилдин аэропорту кадимки режимде иштеп жатканын, жарандар кийинки каттамдарды өз алдынча төлөшү керектигин белгиледи.

Өткөн аптада Израилден Казакстанга атайын учак менен 166 жүргүнчү жеткирилген, анын ичинен 124ү казакстандык болгон. Ошол кезде Тышкы иштер министрлиги Израилде консулдук каттоодо турбаган 400дөн ашык казак жараны, Палестинада 25 казакстандык аял болушу мүмкүн экенин кабарлаган.