Бишкек, "Саясат.kg". Израил Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерин жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы операцияга даярдыгын улантууда. 

АКШнын президенти Жо Байден америкалык CBS телеканалына берген маегинде палестиналык ХАМАС радикал тобу толугу менен жок кылынышы керектигин билдирди.

Ошол эле учурда Байден Израил Газаны басып алса, чоң жаңылыштык болорун жана Палестина мамлекетин түзүүнүн жолдорун издөө керектигин баса белгиледи. Ал ошондой эле Иранга жана "Хезболла" радикал тобуна жаңжалга кийлигишпөөсү керектигин эскертти.

Күн мурун Ирандын бийлиги Газа тилкесин аткылоо токтобосо, Израил - ХАМАС согушуна кийлигишүүгө даяр экенин билдирген.

Ал арада Израил Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерин жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы операцияга даярдыгын улантууда. Ага чейин израил армиясы Газанын түндүк бөлүгүндөгү карапайым тургундарга сектордун түштүк аймагына көчүүнү сунуштаган.

Израил армиясынын маалыматы боюнча, буга чейин Газа тилкесинин түндүгүнөн жарым миллионго жакын адам чыгып кетти.

Кечээ Израил Газа тилкесинин түштүк бөлүгүнө суу берүүнү кайра баштаганы белгилүү болду. Ошол эле күнү кечинде БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы Газа ооруканаларындагы генераторлордо суюк отун 24 гана саатка жеткидей калганын билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израиль армиясынын жооп иретинде урган соккуларынан 2 450 киши өлгөнүн кабарлады.

Ал эми Израиль өкмөтү маалымдагандай, ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусу 1 миң 400 кишинин өмүрүн алды. Жоочулар 155 кишини барымтада кармап турушат.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш ХАМАСты алардын бардыгын шартсыз кое берүүгө үндөп, израилдиктерди Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого чакырды.