Бишкек, "Саясат.kg". Сириянын Саламаттык сактоо министрлиги 80 адам, анын ичинде алты аял жана алты бала каза тапканын билдирген.

Сириянын Хомс шаарындагы аскердик академиянын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырылып жаткан маалда дрондор менен чабуул жасалып, бери дегенде эле 100 киши каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы менен Reuters агенттиги кабарлады.

Алгач Сириянын Саламаттык сактоо министрлиги 80 адам, анын ичинде алты аял жана алты бала каза тапканын, 240 киши жараат алганын билдирген.

"Би-Би-Синин" орус кызматы Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктарынын сакталышына мониторинг кылуу боюнча Сирия борборуна шилтеме кылып, дрон чабуулунан 100дөн ашык киши өлүп, дагы 125тен көбү жаракат алганын жазды.

Reuters агенттиги өз булактарына таянып, бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу салтанатына Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббас да катышып жатканын, бирок ал дрон чабуулунан бир нече мүнөт мурда кетип калганын кабарлады.

Сириянын Коргоо министрлиги бул чабуулдун артында "террористтик топтор" турарын билдирип, бирок конкреттүү уюмдардын аталышын атаган жок. Азырынча кол салууга жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек.

Окуяга байланыштуу Сирияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

БУУнун башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен бардык тараптарды сабырдуу болууга чакырды. "Бүгүнкү үрөйдү учурган окуя тез арада зордук-зомбулукту жана ок атууну токтотуу, ошондой эле террордук топторго каршы күрөштүн бирдиктүү мамилеси зарыл экенин көрсөттү", – деди ал.