Бишкек, "Саясат.kg". "Урожайное бошотулду. Биздин коргоочулар бул айылды ээлеп, чабуулун андан ары улантууда"...

Украин аскерлери Донецк облусундагы Урожайное айылын бошотту. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.

"Урожайное бошотулду. Биздин коргоочулар бул айылды ээлеп, чабуулун андан ары улантууда", – деп жазды ал телеграм-каналына.

Маляр дүйшөмбү күнү украин күчтөрү Урожайное айылына жакын жерде "белгилүү бир ийгиликтерге жеткенин" билдирген. Донецк облусунда жайгашкан бул айыл украин армиясына Орусия басып алган Бердянск жана Мариуполь шаарларына жол ачат.

Өткөн дем алыш күндөрү согуш жөнүндө жазган орусиялык блогдордо орус армиясы Урожайное айылына жакын жерде чегине баштаганы тууралуу маалымат чыккан. Бул чабуулду украин күчтөрү 8-августта баштаган.

Акыркы күндөрү Орусиянын Коргоо министрлиги Старомайорск жана Урожайное айылдарына жакын жерге топтолгон "украин күчтөрүнө жана техникаларына" авиациялык сокку жасалып жатканын билдирген.

15-август күнү эртең менен орусиялык "Восток" батальонунун телеграм-каналы Урожайное айылында жоготууларга учурагынын жазган.