Бишкек, "Саясат.kg". Бүгүнкү күндө бул бизнесмендердин 80и санкциялык тизмелерде.

Forbes журналынын Украинадагы согуш башталганга чейинки акыркы рейтингине кирген эң бай 200 орусиялыктын бери дегенде эле 81и орус армиясын жабдууга ачык катышкан. Бул тууралуу "Проект" долбоорунун иликтөөсүндө айтылат.

Басылманын маалыматына караганда, аталган тизмедеги бизнесмендер 2014-жылдан 2023-жылга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги менен түзгөн ачык келишимдердин жалпы суммасы кеминде 220 миллиард рублди түзгөн.

"Проект" белгилегендей, бүгүнкү күндө бул бизнесмендердин 80и санкциялык тизмелерде. Ошол эле маалда алардын 14ү гана Киевдин союздаштары деп эсептелген өлкөлөрдүн санкциясына кабылса, 34 бизнесмен Украинанын өзүнүн гана санкциялык тизмесине киргизилген.

Украинадагы согуш башталгандан кийин бул олигархтардын бирөө гана – "Тинькофф банктын" негиздөөчүсү Олег Тиньков Кремлдин саясатына каршы пикирин билдирген. Кезинде ал президент Владимир Путинди колдой турганын жана аны өмүрү өткөнчө өлкөнүн башчысы катары көргүсү келерин айткан. 2022-жылы октябрда Тиньков орус жарандыгынан баш тартканын билдирген. Бул чечимин ал "Путиндик фашизм менен шериктеш болууну каалабай турганы" менен түшүндүргөн. Өткөн жумада Улуу Британия аны өзүнүн санкциялык тизмесинен чыгарганын кабарлаган.

"Орусиянын Куралдуу күчтөрүн түзмө-түз же кыйыр түрдө каржылап жаткан башка олигархтар бир жарым жылдан бери согушту айыптаган бир да сөз айта элек. Ошол эле маалда алардын ишканалары Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн чоң көлөмдөгү товарларды жеткирүүнү жана кызматтарды көрсөтүүнү улантууда. Алардын жардамы менен жөнөкөй украиналыктарды өлтүрүп жаткан ракеталар, бомбалар жана ок-дарылар чыгарылууда", – деп жазылган иликтөөдө.

Журналисттер белгилегендей, өндүрүшүн олигархтар каржылаган снаряддар менен техникалар Украинанын Буча, Винница жана Мариуполь өңдүү шаарларын аткылоо үчүн колдонулган.

"Украин бийлиги жүздөгөн киши өлгөнүн кабарлаган Мариуполь шаарындагы драмтеатрды аткылоо үчүн ФАБ-500 авиабомбалары колдонулган. Бул бомбаны өндүрүү үчүн керектүү болгон алюминий күкүмүн Олег Дерипаска ("En+ Group") менен Виктор Вексельбергдин ("Ренова") ишканалары жеткирип жатат. Мындан тышкары мындай бомбаны жасоого керектүү тетиктерди алып келүү менен бизнесмен Владимир Евтушенковдун үлүшү бар "Система" компаниясы да алектенет", – деп жазылган иликтөөдө.

"Евтушенковдун ушул эле компаниясы Бучанын жөнөкөй жашоочуларын аткылаган орус десантынын согуштук автоунааларын чопкуттоо үчүн алюминий жеткирип турган", – деп белгилген иликтөөнүн авторлору.

Ошондой эле согуштук унааларды жана башка курал-жарактарды өндүрүү үчүн керектүү нерселерди жеткирүү менен ишкерлер Михаил Шелков ("ВСМПО-Ависма"), Евгений Зубицкий ("Группа Кокс"), Дмитрий Мазепин жана Ротенбергдердин үй-бүлөсү ("Уралхим") да алектенген. Мазепин жардыруучу заттар менен ок-дарыларды чыгаруу үчүн аммиак жана аммиак селитрасын жеткирип турган.

"Проекттин" журналисттери аталган ишкерлер жарым-жартылай же толугу менен ээлик кылган ишканалардын Коргоо министрлиги, Росгвардия жана коргонуу заводдору менен түзгөн мамлекеттик келишимдерине анализ кылышкан. Иликтөөчүлөр белгилегендей, Орусиянын коргонуу мекемелери 2017-жылдан тарта келишимдерин жапырт жашыра баштаган. Ошондуктан журналисттер таап чыккан келишимдердин көбү 2014-2018-жылдарга туура келет.

"Согушка иштеп жана бул үчүн акча алып жаткан бизнесмендердин чыныгы саны биздин базада көрсөтүлгөндөн кыйла көп болушу мүмкүн", – деп белгилешкен иликтөөнүн авторлору.