Бишкек, "Саясат.kg". Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат.

​​​​​​​

Орусия президенти Владимир Путин өлкөдө жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар расмий порталында жарыяланды.

 

Документке ылайык, Орусияда трансгендердик өткөөл мезгилдин алкагында операция жана гормоналдык терапияга тыюу салынат. "Балдардын жыныстык түзүлүшүнүн тубаса физиологиялык мүчүлүштүгүн дарылоого" гана уруксат берилет.

 

Мыйзам гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салат, бул - чет өлкөлөрдө да операция жасатууга болбойт дегенди билдирет. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат.

 

Мыйзам жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

 

Орусияда былтыр декабрдан бери гомосексуалдуулук, бисексуалдуулук жана трансгендерлик тууралуу позитивдүү маалыматтарды бөлүшүүгө тыюу салынган. Бул үчүн 400 миң рубль көлөмүндөгү айып пул каралган.