Бишкек, "Саясат.kg". Бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт.
Бир нече күн мурун өзбекстандык мигрант "Вагнер" көрүстөнүнө коюлган мусулман аскерлеринин белгилерин видеого тартып алып, соцтармактарга жайгаштырган.
Автор видео кайсы жерде тартылганын так айтпаса да, “Озодлик” көрүстөндөрдүн геолокациясына таянып, ал Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарындагы мүрзө экенин аныктады.
“Вагнер” жоочулары көмүлгөн жайларда өзбек, тажик жана кыргыз ысымдары кездешет.
"Эгерде кимдир бирөө бул жерде көмүлгөн мусулман согушкерлеринин үй-бүлөлөрү менен тааныш болсо, аларга бул мүрзө жөнүндө кабарлап коюңуз. Анткени бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт", — деген видеонун автору.
Буга чейин “Озодлик” Орусиянын башка аймактарындагы “вагнерчилер” көмүлгөн жайларда өзбек мигранттарынын да мүрзөлөрү бар экенин, буга чейин бир нече жалданма жоокерлердин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга коюлганын маалымдаган.
Соңку видеодогу кадрларга таянуу менен “Озодлик” Горячий Ключ шаарындагы “вагнерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялык жалданма жоокерлеринин тизмесин түздү:
Мусалиев Элбек Рамзанович, 26.11.1976 – 05.05.2023
Санчар Махмадзода, 27.11.1997 – 20.04.2023
Сабыров Сабр Сабырович, 19.07.1990 – 08.05.2023
Талипов Даньяр Анварович, 31.10.1991 – 20.04.2023
Хидоятов Сайидакбархон Хамидуллохон угли, 31.05.1993 – 27.03.2023
Поянов Эшпулат Хуррамович, 22.06.1993 – 08.03.2023
Абдурахманов Джумахон Валиевич, 05.09.1975 – 05.04.2023
Жумабеков Кадыргали Кангалиевич, 14.03.1982 – 17.03.2023
Жусупов Тимур Задгереевич, 07.04.1992 – 07.04.2023
Назиров Азиз Собир угли, 13.10.1992 – 07.01.2023
Адашев Дилмурод Акрамжон угли, 31.01.1995 – 23.03.2023
Мирзакулов Дилшодбек Махаммадалиевич, 10.02.1984 – 10.01.2023
Давлетов Самат Аманжолович, 11.08.1974 – 27.02.2023
Масоев Ахлиддин Абдулфайзович, 13.08.1989 – 07.01.2023
Бегатанов Исломжон Икрамжонович, 17.03.1988 – 18.01.2023
Сулейманов Абдугаффар Абдусатторович, 09.09.1986 – 12.12.2022
Мухторов Отабек Одилжон угли, 18.09.1996 – 06.12.2022
Тиллабоев Кароматулло Рахматович, 27.03.1992 – 13.02.2023
Умаров Бобурбек Джурабой угли, 03.12.1992 – 25.11.2022
Наркулов Захиджан Хурваевич, 09.12.1971 – 22.02.2023
Силапов Саиднияз Оразмурадович, 05.02.1985 – 17.03.2023
Быйыл март айында The New York Times гезитинин журналисти Кристиан Триберт Горячий Ключтагы “Вагнер” көрүстөнүндө мололор кескин көбөйгөнүн жазган.