Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу RTVI телеканалы 24-июндан кийин түзүлгөн келишимдерге шилтеме кылып кабарлады.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын куралдуу козголоңунан кийин анын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге байланышы бар компаниялар мамлекеттик органдар менен мектептерге жана ооруканаларга азык-түлүк жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүнү улантышкан.

Бул тууралуу RTVI телеканалы 24-июндан кийин түзүлгөн келишимдерге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, түзүлгөн тогуз келишимдин жалпы суммасы 1 миллиард 64 миллион рублди түзгөн. Андагы эң ири буйрутма берүүчү Подмосковьедеги Мытищи шаардык билим берүү башкармалыгы болгон. Мекеме "Продфутсервис" компаниясы менен 705 миллион рублден ашык суммага келишим түзгөн. Ага ылайык, компания 2023-2025-жылдары Москва облусундагы мектептерге азык-түлүк жеткирип берет.

Мындан тышкары Пригожинге тиешеси бар "АВК", "Комбинат дошкольного питания" жана "Руссоцкапитал" компаниялары да бюджеттик мекемелер менен келишимдерге кол коюшкан. Буйрутма берүүчүлөрдүн арасында Москва облустук саламаттык сактоо департаментине караштуу ооруканалар менен байтапканалар, "Артек" балдар лагери жана Подмосковьедеги эки оорукана бар.

Ошол эле маалда Пригожинге байланышы бар компаниялар менен буга чейин түзүлгөн эски келишимдер да жокко чыгарылган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү RTVI телеканалынын суроолоруна жооп берип, "АВК" компаниясы ТИМдин "Ден соолукту чыңдоо борборуна" тамак-аш жеткирүүнү улантып жатканын, мекеме аны менен келишимди үзбөй турганын билдирген.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Андан кийин ал Беларуска барганы маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин мойнуна алып, "вагнерчилер" акыркы бир жылда орус бийлигинен 86 миллиард рублден ашык каражат алганын айткан. Мындан тышкары Путин Пригожиндин "Коркорд" компаниясы Военторг аркылуу аскерлерге азык-түлүк жеткирүүдөн бир жылда 80 миллиард рубль иштеп тапканын билдирген.

2-июлда Орусиянын коргонуу мекемеси азык-түлүк жеткирүү боюнча "Конкорд" компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарганы кабарланган.

Өткөн жумада Пригожин менен анын шериктери куралдуу козголоң аракетинен кийин Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканы белгилүү болгон.