Бишкек, "Саясат.kg". 2021-жылы августта Ооганстанда бийлик кулаган соң вакуум пайда болду.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Астанада “Талибанга” элчилик үчүн имарат берүү пландалып жатканын тастыктады. Бул тууралуу 17-апрелде ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров маалымдады.
Смадияровдун айтымында, казак өкмөтү “Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн дипломаттарын” аккредитациядан өткөрүүгө макул болгон.
"2021-жылы августта Ооганстанда бийлик кулаган соң вакуум пайда болду. Ооганстандын чет элдеги мурдагы элчиликтери бул өлкөнүн атынан кызмат кылууну токтотту", - деди Смадияров.
ТИМ өкүлү Казакстанда “талиптердин элчилигин” ачуу бул кыймылдын бийлигин таануу дегенди билдирдирбей турганын айтты. Смадияров “Талибанды” таануу – БУУнун укугу экенин эскертти.
15-апрелде Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Кабулда “Талибандын” вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар экономикалык маселелерди сүйлөшкөн.