Бишкек, "Саясат.kg". Мобилизацияланган жарандардын спермаларын бекер консервациялоо жана сактоо үчүн 2022-2024-жылдарга федералдык бюджеттен каражат алынат.

Украинадагы согушка катышуу үчүн мобилизацияланган эркектер өз спермасын бекер тоңдуруп сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу "Орусиянын адвокаттар биримдиги" коомдук уюмунун башчысы Игорь Трунов билдирди.

Анын айтымында, уюм мобилизациялангандар үчүн генетикалык материалдын акысыз криобанкын түзүү, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө тукумсуздукту акысыз дарылоого квота берүү боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү өтүнүчү менен премьер-министр Михаил Мишустинге кайрылган.

"Бул кайрылууга жооп алдык. Анда Саламаттык сактоо министрлиги мобилизацияланган жарандардын спермаларын бекер консервациялоо жана сактоо үчүн 2022-2024-жылдарга федералдык бюджеттен каражат алуу мүмкүндүгүн аныктаганы жазылган. Консервацияланган генетикалык материалды бекер пайдалануу мыйзамда көрсөтүлгөн", –деди Трунов.

Азырынча Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Орусияда Украинадагы согушка катышып жаткандарга түрдүү жеңилдиктер каралган. Алсак, аларга карата соттук териштирүүлөр токтотулуп, насыя каникулдары берилген.

21-сентябрды Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту улантуу үчүн жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Анда 300 миң орусиялык аскердик кызматка тартылары айтылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бул план аткарылганын жана мобилизация аяктагынын билдирген. Бирок Путин бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү жарлыкка кол койбой келет.