Газ жетишсиздигинен айнек жана керамика чыгаргандар жапа чегери айтылууда.

Эгер Россия Европага газ берүүнү токтотсо, кыш көгүлтүр оттун жетишсиздигине алып келип Улуу Британияда бир топ ишкана жабылышы ыктымал. Мындай макала Financial Times басылмасына жарыяланды.

Анда жазылгандай, энергияны көп колдонгон ири өнөр жайчылар  суук түшсө бир нече завод жылуулукту колдонууга коюлган чектөөлөрдөн улам ишин токтотушу ыктымал экенин өкмөткө эскертүүгө камынып жатат.

"Газ жетишсиздигинен өзгөчө айнек жана керамика чыгаргандар жапа чегери айтылууда", — деп жазылат макалада.
Британия өкмөтү бул кышта газ колдонууга норма киргизбей турганын айтууда. Ошол эле учурда Евробиримдик Россия газ берүүнү токтотуп калышы ыктымал деген кооптонуу менен фабрика жана турак үйлөрдү көгүлтүр отту азыраак пайдаланууга чакырып жатат.

Россия Украинага карата атайын операцияны баштаган соң Батыш өлкөлөрү жана АКШ Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиш керек дешкен. Бирок бул Европанын өзүнө сокку уруп, Батыш өлкөлөрүндө күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.
 
 

Sputnik Кыргызстан