Бишкек, "Саясат. kg". Россияда Coca-Cola же башка бренддердин продукциясын өндүрүү жана сатууну токтотот.  

Coca-Cola компаниясы Россиядагы ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Анда айтылгандай, компаниянын кампаларындагы товарлар түгөнүп жатат  жана мындан ары ал жакка жеткирилбейт.

Компания азырынча Россияда Coca-Cola же башка бренддердин продукциясын өндүрүү жана сатууну токтотот.  

 Россия Федерациясында Coca-Cola HBC компаниясынын он заводу иштейт. Компаниянын бренддерине Coca-Cola өзүнөн тышкары Sprite, Fanta, Schweppes, Dobry, Moya Semya жана BonAqua кирет.