Бул каада "уси но токи маири" деп аталат, бул "быка саатында ийбадатканага баруу" дегенди билдирет.

Японияда май айынын башынан бери Владимир Путиндин сүрөтү чапталып, даракка мыкталган саман куурчактар ​​табылууда. Кимдир бирөө байыркы салт боюнча орус президентине наалат айтууга аракет кылып жатканын Би-Би-Си орус кызматы билдирди.
Япония прессасы түшүндүргөндөй, бул куурчактар ​​вуду культундагы душман куурчактары менен бирдей ролду аткарышат. Бирок япондордун өздөрүнүн эски адаты бар - куурчакка ийне саюунун кереги жок. Аны ийбадаткананын аймагындагы даракка мыкташ керек.

Бул каада "уси но токи маири" деп аталат, бул "быка саатында ийбадатканага баруу" дегенди билдирет. Ал эми быка сааты деген - таңкы саат бирден үчкө чейинки убакытты түшүндүрөт.

"Адатта, саман куурчак аркылуу ага өлүм жазасын суранышат", - деп түшүндүрөт Japan Today.

Булак: Кактуз.кж