«Мен — Элдик альянстын талапкеримин»

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Элдик альянстан (Народный альянс) мамлекет башчылыкка ат салышарын ырастады, деп билдирди «Anadolu».
«Мен — Элдик альянстын талапкеримин», - деди Эрдоган.
Ал президенттик шайлоо 2023-жылдын июнь айынын орто ченинде өтөөрүн эске салды.
Элдик альянс — 2018-жылдын февраль айында «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы (Эрдогандын партиясы) менен ультра оңчул «Улуттук кыймыл» партиясы тарабынан түзүлгөн шайлоо альянсы. Ал 2018-жылдагы шайлоого катышуу үчүн түзүлүп, Эрдогандын кайра шайланышын колдогон күчтөрдү бириктирген. 2018-жылдын май айында оппозициялык Улуттук альянс түзүлүп, ага Республикалык Элдик партия, «Жакшы партия», «Бакыт партиясы» жана Демократиялык партиямы кирген.
Улуттук альянстан талапкер азырынча аныктала элек. Ал Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу болушу мүмкүн. Бирок альянс мындай учурда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе (Кылычдароглу мурунку шайлоолордо утулуп калган) деп кооптонууда, деп жазат «En Son Haber».
Июндун башында бийликтеги «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын басма сөз катчысы Омер Челик партия Эрдогандын талапкерлигин Элдик альянска көрсөткөнүн билдирген.
Эрдоган биринчи жолу 2014-жылы президент болгон. 2018-жылы ал экинчи мөөнөткө шайланган. Республиканын Конституциясына ылайык, бир адам катары менен эки жолудан ашык эмес мамлекет башчылыгына шайлана алат, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл. 2017-жылы референдумдун жыйынтыгында Негизги мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда мөөнөттөрдүн саны өзгөргөн.

Булак: Баракелде