Путин Россиядай өлкөнү эч ким сыртынан коргон кылып тосуп сала албай турганын баса белгилеген.\с

Россия СССР кетирген катаны кайталабайт, анын экономикасы ачык бойдон калат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Петр биринчинин 350 жылдыгына карата өткөн көргөзмөдө билдирди.

Путиндин кебинин урунттуу учурлары:

  • Эгер экономика аксап, жөтөлүп, чүчкүрүп жатса коомчулукту бир муштумга бириктирүү мүмкүн эмес;
  • Микроэлектрониканы чектөө — Россияга сокку уруунун негизги багыттарынын бири;
  • Батышта инфляцияны менин атым менен атап жатышат, бирок биз ага күнөөлүү эмеспиз;
  • Россиядай өлкөнү эч ким сыртынан коргон кылып курчап сала албайт, мамлекеттин да өз айланасын тосуп, обочолонуп алуу ниети жок;
  • Петр I аймактарды кайтарып, бекемдеген, ал милдетти аткаруу бизге да буюруп жатат;
  • Мамлекет арсар абалда тура албайт, же колония, же эгемен өлкө болушу керек.

Булак: sputnik.kg