Юмашев апрель айынан баштап президенттин кеңешчиси болбой калган.

Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин күйөө баласы Валентин Юмашев 22 жыл иштеген орус президенти Владимир Путиндин кеңешчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Ельцин борборунун" аткаруучу директорунун орун басары Людмила Телен РИА Новостиге билдиргендей, Юмашев апрель айында эле өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

"Юмашев апрель айынан баштап президенттин кеңешчиси болбой калган. Ал бул кызматтан өз каалоосу менен кетти", - деген Телен.

1997-1998-жылдары Юмашев Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельциндин администрация башчысы болуп иштеген. Ал Ельциндин кызы Татьянанын жолдошу. Юмашев Путиндин ыктыярдуу кеңешчиси экени 2018-жылы белгилүү болгон. Анда Песков Юмашев бул кызматта 18 жылдан бери иштеп келгенин билдирген.

Булак: super.kg