Чехия россиялык дизель майын сатып алууну убактылуу уланта берет.

Буга чейин Евробиримдик өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы санкциялардын беш пакетин катары менен киргизген.
Евробиримдик Россияга каршы санкцияларынын алтынчы пакетин киргизген күндө дагы Венгрия менен Чехия РФтен мунай сатып алууну уланта берет. Бул тууралуу Бельгиянын премьер-министри Александр де Кроого шилтеме берип РИА Новости жазды.
Евробиримдиктин лидерлери Брюсселдеги саммиттин биринчи күнүндө санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында Россияга жарым-жартылай мунай эмбаргосун киргизүү боюнча саясий келишимге кол коюшту. Жаңы чектөөлөр деңиз аркылуу ташылган мунайга тиешелүү. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейендин айтымында, 2022-жылдын аягына чейин ЕБ россиялык мунай импортунан дээрлик 90 пайызга баш тартууну көздөп жатат.

"Чехия россиялык дизель майын сатып алууну убактылуу уланта берет. Ал эми Венгрия Россия мунайы менен иштеген кайра иштетүү мекемелерин модернизациялоо үчүн кошумча убакыт сурады", — деди Кроо.

Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети Евробиримдиктин кеңеши тарабынан министрлер деңгээлинде расмий макулдашуу жана бекитүү процедурасынан өтүшү керек. Документ расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Еврокеңештин башчысы Чарльз Мишель Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү тарабынын документти жол-жоболоштуруу маселеси шаршембиде караларын айткан.
Евробиримдик өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы беш санкция пакетин катары менен киргизген. Алтынчы пакети айрым өлкөлөр Россия газынан баш тарта албагандыктан кечеңдеп келет. Санкциялар үчүн Евробиримдиктин бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек.


Булак: sputnik.kg