РФ министри эгерде Макрон тараптан Путин менен сүйлөшүү демилгеси көтөрүлсө, сунуш четке кагылбай тургандыгын айткан.

Россия президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөндөөнү Франция президенти Эммануэль Макрон жана башка кесиптештери менен талкуулоого даяр. Бул туурасында РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
Министр Путиндин алардын (президенттердин – ред.) риторикасына карабай, чындыгында эле ал тараптын Европадагы коопсуздук жаатындагы кризисти чечүү ниети болсо бул кадамга бара тургандыгын белгилеген.

"Биз эч кимге жабышпайбыз. Эгерде кимдир бирөөлөр биз менен алака кылып телефондон сүйлөшүүнү же жеке кездешүүнү айтышса, президент Путин кесиптештерине эч качан жок дебейт", — деген Лавров TF1 телеканалына маек берип жатып.

Министр эгерде Макрон Путинге сүйлөшөлү деп кайрылса, ал өтүнүч аткарыларына кепилдик берген.
ТИМ жетекчиси "Европа биримдигинин лидерлери баары коомчулуктун алдында Россияны агрессияга алдырды деп күнөөлөп, уруштун кебин жакшы эле айтып келе жатышкандыгын" баса белгиледи.
"Бул кеп-сөздүн артында учурдагы Европа коопсуздугундагы кризиске себепкер болгон көйгөйлөрдү чечели деген ниет турса, биз сүйлөшүү үчүн ачыкпыз. Макрон менен Путиндин мурдатан бери эле бири-бирине ишенген мамилеси бар. Эгерде сунуш кылса, анысы кабыл алынат", — деген Лавров.


Булак: sputnik.kg