Ар бириңиздерге кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-майда Харьков облусундагы аскерлерге барганын Президенттик администрация билдирди. Бул 24-февралда Орусиянын согуштук аракеттери башталгандан бери Зеленскийдин Киев аймагынан сыртка биринчи расмий чыгышы.
Зеленскийдин кеңсесинен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө президент украин аскерлеринин алдыңкы позицияларында болуп, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов, облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов, армиянын командачылыгынын мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.
«Ар бириңиздерге кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Баарыбыз жана мамлекетибиз үчүн өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып жатасыздар. Украинанын көз карандысыздыгын коргогонуңуздар үчүн рахмат. Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр», - деди
Зеленский.
Украинанын президенти ошондой эле Харьковдо жана облуста согуштук аракеттердин натыйжасында 2,2 миңден ашуун үй талкаланганын билдирди. «Биз бардыгын калыбына келтиребиз, кайра курабыз, жашоого толтурабыз», - деп убада кылды ал.

Булак: Баракелде