УКМКнын жаңыланган түзүмү бекитилди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо боюнча жарлыкка кол койду.
Улуттук коопсуздук комитетинин сайтында маалымдалгандай, 17-майда өлкө президенти «Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин айрым маселелери жөнүндө» №893 жарлыкка кол койду.
Документте президенттин 15 жарлыгына улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууну караган өзгөртүүлөр киргизилет.
«УКМКнын жаңыланган түзүмү бекитилди. УККнын өзүнчө мамлекеттик мекемелери кайра түзүлүп, оптималдаштырылды», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде