«Түркияга каршы санкция киргизгендердин НАТОго кошулушуна биз «ооба» деп айта албайбыз»
Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө макул боло албайт, анткени бул өлкөлөр террорчуларды өткөрүп берүүдөн баш тартып, Анкарага каршы санкцияларды киргизген. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада алжирдик кесиптеши Абделмажид Теббун менен биргелешкен маалымат жыйында билдирди, деп жазат Anadolu.
«Бул өлкөлөрдүн эч бири террордук уюмдарга карата так жана ачык позициясы жок», - дейт Эрдоган.
«Алар террористтерди өткөрүп бербейбиз деп айтышкан. Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго кирүүсүн колдобойт», - деп кошумчалады ал.
«Түркияга каршы санкция киргизгендердин НАТОго кошулушуна биз «ооба» деп айта албайбыз», - деди Түркиянын президенти.
Түрк президенти ошондой эле Швеция менен Финляндиянын Тышкы иштер министрлеринин «НАТОго кошулуу арызын жактырууга көндүрүү үчүн Түркияга келүүсүнүн мааниси жок», - дейт ал.
Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон дүйшөмбү күнү өлкөсүнүн Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуу каалоосу тууралуу НАТОго кабарлай турганын билдирди. Буга чейин Финляндия да НАТОго мүчө болуу тууралуу расмий чечим кабыл алган.
Булак: Баракелде