Шарифке Казакстан Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этика кодексинин 9-пунктунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Каирдеги элчиси Кайрат Лама Шарифке мамлекеттик кызматкерлердин этикасын бузганы үчүн сөгүш жарыялаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Президент Касым-Жомарт Токаев Египет Араб Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Кайырбекулы Лама Шарифке Казакстан Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этика кодексинин 9-пунктунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады», - деп айтылат маалыматта.
Май айынын башында казакстандык дипломат өзүнүн «Facebook» баракчасында СССР менен Орусия империясынын убагындагы талаштуу аталыштардан арылууну, Астананын атын борборго кайтарып берүүнү жана Казакстандын аталышын Казак мамлекети деп өзгөртүүнү сунуштаган. Бул билдирүү азыр автордун баракчасынан өчүрүлгөн.
Булак: Баракелде