Жаңы учкучсуз учуучу аппараттар Казакстандын чек арасын көзөмөлдөөгө жардам берүү үчүн АКШ берген «Raven» учкучсуз учактарын колдоно турганы айтылды.

АКШ Казакстанга чек араны көзөмөлдөө үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды берди жана аларды башкарууга республиканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрүн үйрөттү, деп билдирди АКШнын Нур-Султандагы элчилигинин басма сөз кызматы. «АКШнын Казакстандагы элчилигинин Аскердик коопсуздук боюнча кызматташуу бөлүмү Казакстандын Чек ара кызматы менен бирдикте жакында «AeroVironment» компаниясынын «Raven» учкучсуз учуучу аппараттарынын (БПЛА) операторлору үчүн окууну аяктады», - деп айтылат маалыматта.
Жаңы учкучсуз учуучу аппараттар Казакстандын чек арасын көзөмөлдөөгө жардам берүү үчүн АКШ берген «Raven» учкучсуз учактарын колдоно турганы айтылды.

   

 

Булак: Баракелде