Чехия Россиядан алган жаратылыш газынын акысын рубль менен төлөөдөн баш тартты.
Бул маалыматты Чехиянын өндүрүш-соода министри Йозеф Сикела билдирди.
Анын айтымы боюнча, эгерде Европа биримдиги белгилүү резерв түзүп, энергетикалык сырьену биргеликте сатып алуу тууралуу план ишке ашса, анда Прага Россиядан нефти сатып алуудан баш тартууга даяр.
Министрдин: «Чехия мындан ары дагы газды евро менен сатып алууну көздөйт. Анын үстүнө көпчүлүк бөлүгүн батышевропалык биржалардан сатып алабыз. Россиядан сатып алган жалгыз чех фирмасы — ČЕZ энергетикалык компаниясы. Ал буга чейинкидей эле мындан ары да евро менен төлөм жүргүзөт», - деген сөзүн «РИА Новости» жарыялады.
Булак: Баракелде