Рим папасы Орусиянын президенти менен Москвада жолугушууну каалай турганын кошумчалады.
Рим папасы Франциск Орусиянын президенти Владимир Путин токтонууга (согушту токтотууга) камынбай жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу ал «Corriere Della Sera» басылмасына берген маегинде билдирди.
Журналист менен болгон маегинде Рим папасы Украинага аскердик басып кирүүнүн себептери тууралуу да ойлонууга аракет кылып жатканын белгиледи. Анын пикири боюнча, «НАТОнун Россиянын эшигинде үргөнү» Путинди конфликтке түртүшү мүмкүн.
Рим папасы Орусиянын президенти менен Москвада жолугушууну каалай турганын кошумчалады. Ал азырынча орус тараптан жооп ала элек. Папа Франциск 14-июнда Иерусалимде патриарх Кирилл менен жолугарын билдирди.
«Бул биздин экинчи бетме-бет жолугушуубуз болот, согушка эч кандай тиешеси жок. Бирок азыр ал да макул: келгиле, токтотолу,
бул түшүнүксүз сигнал болушу мүмкүн», - деди Рим папасы.
Булак: Баракелде