Биз баарын калыбына келтире алабыз, ага силер да көмөк көрсөтө аласыңар.
Украинаны калыбына келтирүүгө эң аз 600 млрд доллар керек, деп билдирди Украинанын президенти Владимир Зеленский «The Wall Street Journal» гезити уюштурган саммитте.
Видео байланыш аркылуу уюштурулган иш-чарага чет өлкөлүк компаниялардын жетекчилери да катышкан. «Биз баарын калыбына келтире алабыз, ага силер да көмөк көрсөтө аласыңар. Бул мүмкүнчүлүктү өзүңөрдүн компанияңар үчүн пайдалангыла, Киевде кеңсе кургула, Украинада иштеп баштагыла жана Европадагы эң ири 40 миллиондук рынокко жол ачылат», - деди Зеленский.
Анын айтымында, 600 млрд доллар — бул болжолдуу сумма.
Ошондой эле Зеленский Батыш өлкөлөрүнүн компанияларына Украинада иштөө үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү убадалады.
Булак: Баракелде