Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлер кантип өлгөнү тууралуу архивдик материалдарды жарыялады.

Тактап айтканда, «ФСБнын» Новгород облусундагы башкармалыгында сакталып келген Гитлердин мурдагы жеке учкучу, полициянын генерал-лейтенанты Ганс Баурдун 1945-жылы декабрда «НКВДнын» (СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын) сурагындагы 

Баурдун көрсөтмөсү

Баурдун жазганына караганда, 1945-жылдын апрель айынын соңуна чейин Берлин шаарындагы рейхсканцеляриянын бункеринде жашынган адамдар Гитлердин эмнени көздөп жатканын так билишкен эмес.
«30-апрелде түштөн кийин ал (Гитлер) мени адъютантым полковник Бетц менен чогуу өзүнө чакырды. Гитлер мени өз бөлмөсүнө алып кирип, колун сунуп «Баур, мен сиз менен коштошкум келип турат, сизге кызматыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет»  деди.
Ал абдан карып, арыктап кеткен. Колу титиреп жаткан, мен ал өз өмүрүн кыюу тууралуу чечим кабыл алганын даана түшүндүм», - деп эскерген Баур.
Андан соң Гитлер орус аскерлери уктатуучу газ колдонуп, аны тирүүлөй кармап алышы мүмкүн экенин, анын жана жубайы Ева Браундун сөөгүн өрттөөгө буйрук бергенин билдирген. Себеби италиялык партизандар фашисттик Италиянын лидери Бенито Муссолининин жансыз денесин асып коюшкан сыяктуу, анын сөөгүн да эл көзүнө асып коюшат деп корккон.
«Бир күнү менин эстелигиме «Ал өз генералдарынын курмандыгы болгон» деп жазылышы керек», - бул Гитлердин Баурга айткан акыркы сөзү болчу.
Андан соң Баур документтерди жок кылып, рейхсканцеляриядан кетүүгө камынып баштаган. Бир нече саат өткөндөн кийин ал кайра бункерге барган.
«Алдыңкы бөлмөлөрдө тамекинин түтүнү аябай жыттанып турду. Бир нече коопсуздук кызматкеринин тынчы кетип, ары-бери чуркап
жатышты. Мен «Бүттүбү?» деп сурадым. «Ооба» деп жооп беришти. Сөөктөрү кайда экенин сурасам, аларды жуурканга ороп, бензин
чачып, рейхсканцеляриянын бакчасында өрттөшкөнүн айтышты», - деп жазган Баур.
Анын божомолу боюнча, Гитлер менен кечки саат 6-7де коштошкон, кайра тогузда бункерге барган.
Күбөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, 1945-жылы 30-апрелде Гитлер менен анын жубайы өз жанын кыйышкан. Андан кийин 13 майда СССРдин аскер кызматкерлери рейхсканцеляриянын бакчасында Гитлер менен анын жубайынын сөөгү көмүлгөн жерди табышкан. Көп жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, табылган сөөктөр чын эле Адольф Гитлер менен анын жубайына таандык экени тастыкталган.

Булак: Баракелде