Мариуполдо 1026 украин аскери багынып берди, анын ичинде 162 офицер жана 47 аскер кызматчысынын жубайы.
Бул тууралуу шаршембиде Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.
Конашенковдун айтымында, туткундар — 36-деңиз флотунун аскер кызматкерлери. Ведомствонун ырастоосунда, деңиз пехотасынын аскерлери «Россия куралдуу күчтөрүнүн жана Донецк Элдик Республикасынын милиция бөлүктөрүнүн ийгиликтүү чабуулунун натыйжасында» Ильич атындагы темир-металлургиялык комбинаттын аймагында өз ыктыяры менен куралын таштаган.
Конашенков жарадар болгон 151 деңиз аскерине жеринде биринчи жардам көрсөтүлгөнүн, андан соң шаардык ооруканага жеткирилгенин айтты.
Булак: Баракелде