Николаев облусунда орус аскерлери Ингул дарыясынан өтүп, Кашперо-Николаевканы ээлеп алган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 6-мартта саат 00:00гө карата өлкөдөгү аскердик окуялардын кыскача маалыматын жарыялады. Аскердик ведомствонун маалыматына караганда, орус аскерлери Киевди басып алуу үчүн күчтөрдү топтоп, Буча менен Гостомелге толук көзөмөл орнотуу үчүн күрөшүп жатышат. Мындан сырткары, орус аскерлери Ирпен аймагына күчтөрдү алдыга жылдырды. «Орус аскерлери Украинага каршы чабуулдук операциясын улантууда, негизги күч-аракетин Киев, Харьков, Чернигов, Сумы жана Николаев шаарларын курчоого, Луганск жана Донецк облустарындагы административдик чек араларга чейин жеткирүүгө, Крымдын ТОТ АРдан Мариуполь — Новоазовск багытында кургактык коридорун түзүүгө топтошту», - деп айтылат маалыматта.
Николаев облусунда орус аскерлери Ингул дарыясынан өтүп, Кашперо-Николаевканы ээлеп алган.
Ошондой эле үч БТТнын (Батальондун тактикалык топ) аскерлери Запорожьеге чабуул коюуда. 

Булак: Баракелде