Украина кечээ, 3-мартка карата Россиянын 9 миң жоокери каза болгонун айтууда.
Украинадагы согушта Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Андрей Суховецкий каза болду. «Лента.ру» маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Суховецкийдин кесиптеши Сергей Чипилев «ВКонтакте» социалдык тармактагы баракчасына жазды. Бирок ал кесиптешинин өлүмүнүн чоо-жайын жазган жок. Россиянын расмий маалыматына караганда, бүгүнкүгө чейин Украинада россиялык 489 жоокер каза тапкан, 1597 аскер кызматкери жаракат алган. Ал эми Украина кечээ, 3-мартка карата Россиянын 9 миң жоокери каза болгонун айтууда.