Токтомдо айтылган маалымат боюнча, төрайым Валентина Матвиенко кол койгондон тарта Донбасска аскерлерди киргизүүгө уруксат берилет.

- Россия Федерациясынын Кеңеши президент Владимир Путиндин кайрылуусунан кийин Куралдуу күчтөрдү өлкөнүн
аймагынан сырткары аймакка жөнөтүүгө уруксат берди.
Мындай чечим 22-февралда пленардык отурумда кабыл алынды, деп билдирди «Лента.Ру». Токтомдо айтылган маалымат боюнча,
төрайым Валентина Матвиенко кол койгондон тарта Донбасска аскерлерди киргизүүгө уруксат берилет.
Россия Донецк менен Луганск Эл Республикаларынын көз карандысыздыгын тааныган. Тиешелүү чечимди Россиянын президенти
Владимир Путин кабыл алды. Ошондой эле Путин орус элине кайрылып, Украина 1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин большевиктер тарабынан түзүлгөнүн, анын «автору жана архитектору» Владимир Ленин болгонун билдирди.
«Украинага Владимир Ильич Лениндин ысымын ыйгарса болот», - деди Путин. Андан тышкары Украинанын бийлигин «марионетка» деп атады.21-февралда өздөрүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк менен Луганск Эл Республикаларынын башчылары Путинге кайрылып, алардын көз карандысыздыгын таанууну суранышкан. Ошондон кийин Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Жыйын учурунда Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин Донецк менен Лугансктын Россиянын курамына кирүүсүн колдой турганын айтып алган. Путин анын сөзүн оңдоп, жыйында башка маселе каралып жатканын билдирген. 
Донецк менен Луганск мурда Украинанын облусу болчу.

Булак: barakelde.org