Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечим БУУнун Уставынын жоболорунун негизинде кабыл алынганын маалымдады.

22-февралда Орусия Мамлекеттик Думасы пленардык жыйында Донецк жана Луганск Эл Республикасы менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимдерди ратификациялашты. Келишимге 400 депутат «макул» добуш беришкен.

Бул келишимди 22-февралда ДЭР жана ЛЭР парламенттери да ратификациялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө ЛЭР менен ДЭРди республикалардын жетекчилиги өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган чекте тааный турганын билдирди.

Бир күн мурун президент Владимир Путин ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ошону менен бирге республикаларда тынчтыкты камсыз кылууну тапшырган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечим БУУнун Уставынын жоболорунун негизинде кабыл алынганын маалымдады.

Булак: maralfm.kg