Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу кыз күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган.

Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте америкалык киноакадемиянын «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара 30 жылдан бери алгачкы жолу алып баруучуларсыз өттү.

Тажикстанда балдарды милдеттүү түрдө сүннөткө отургузууга чакырган ири масштабдагы кампания башталды.

Москванын Мещанский соту 21-февралда блогер Алибек Мирзехановду террорчулукка азыгыруу шеги менен эки айга камакка алды.

Казак өкмөтүн убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.

Орусия президентинин НАТОдогу союздаштарын опузалашы орунсуз.  

Каракалпакстандын Чимбай районундагы мектептердин биринде окуган 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп калган.

Бишкек, “Саясат. kg”. Ал студент болуп чыкты.

Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машариповго каршы сот иши 2017-жылы декабрда Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө башталган.

Долбоорду 408 депутат колдоп, эч ким каршы болгон жок.

Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскердик базасы бар.

Алар массалык маалымат каражаттарын каттоо эрежесине каршы.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн “борборлоштурулган клиника” ачууну буюрду.

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты.

АКШ президенти Дональд Трамп Британия, Франция жана Германияны америкалык аскерлерди туткунга алган “Ислам мамлекети” тобунун 800дөн ашуун мүчөсүн артка кайтарып, жоопко тартууга чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тарткан жана ага бөгөт коюуга жардам берген уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жазадан бошотууну сунуштады.

Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Согди облусу менен өлкөнүн борбордук бөлүгүн байланыштырып турган жалгыз унаа жолу кар көчкүлөрдөн улам жабылып турат.

Казак өкмөтү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, журналисттердин иш-чараларга катышуусуна уруксат берген тартиптерди катаалдатууну сунуштап жатат.

Бишкек, «Саясат. kg». Бошотулгандардын арасында өзбекстандыктар да бар.

Тажикстандын Хатлон облусундагы Кушониён районунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү истүү газга ууланып каза болду.