М.Айбалаев:Биз аларды өзүбүздөй ачык айтып, түз жүргөн эл катары көрбөшүбүз керек. Тажиктер андай эмес...”

- Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” деген макалды эске салат. Кыргызстан 1997-жылдарда Тажикстанга жардам берип, алардын жарандык согушун токтотуп калууга жардам берди эле. Кийин тажик президенти Эмомали Рахмон “157 миң адам ошол согушта курман болду” деп айтпадыбы. Ал эми расмий эмес маалыматтарда 280 миң адам өлдү деп айтылып жүрөт. Биз дардаңбай кыргызбыз, алардын согушун токтотуп жардам бердик. Бирок тажиктер куу эл болот, куулугун ушундан билсе болот, булар сөзүндө турбайт.

Тажиктер менен аралашып, чектешип жашабагандар алардын кандай экенин түшүнбөйт. Кокус сиз барып калсаңыз, алар жакшы тамагын палоо басып, арак-шарап берип жакшы сыйлайт. Жакпай калсаңыз, уу берип өлтүрүп коюш да алардын колунан келет. Биз кылымдар бою чектеш аралаш жашап алардын кыял-жоруктарын жакшы билебиз. Мен совет доорундагы булардын жетекчиси Расуловду көрүп, жыйындарына катышып калдым. Набиевди, Маккамовду да көрдүм. Азыркы президент Эмомали Рахмон 18 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз аларды өзүбүздөй ачык айтып, түз жүргөн эл катары көрбөшүбүз керек. Тажиктер андай эмес.

Биздин эски бийлик да убагында көп катачылыктарды кетирген. Мен да өз мезгилинде губернатор болуп барган биринчи эле күнү “Головной” суу башына күчтүү кароол койдум. Дагы оюмда бар эле, андан да күчтүү ДОТ коюп коеюн дегем, себеби эртеби-кечпи тигилер кол салаарын билгем. Анүчүн коргонуу жакшы болуш керек эле.

“Биз бир кезде тажиктерге жардам бердик эле, эми алардын кылганы бу” деген кеп-сөз азыр айтылып жатат. Анын баары өткөн иш, алар аны унутту. Себеби ар бир бөлүнгөн мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы пайда болду. Андан башка ар кандай элдин кызыкчылыгы, дегеле кызыкчылыктар көбөйдү. Ошолордун арасында баңгизаттарды ташыгандардын, курал саткандардын кызыкчылыктары пайда болду.

Тажикстан Афганистан менен чектешкендиктен, афган баңгизаттары Тажикстан аркылуу Баткен, Лейлек аркылуу Россияга жана башка мамлекеттерге тарайт. Булар совет доорунда эле белгилүү болчу. Баткендин, Лейлектин тоолорунда июлда чек ара ачылганда ошол жерде чектеш Матчевск, Гарб райондорунан баңгизаттарды ташуу башталат. Алардан тышкары малын айдап келип сата башташат. Кокон шаарына чейин кирип сатышат. Кокон хандыгынын учурунда, падышалык Россиянын учурунда, кийинки совет доорунун учурунда деле алар ушундай иштерди жасап келишкен. Ошондуктан бул баңгизаттын тарыхый жолу.

Биздин эски бийлик аларды ошол бойдон калтырып, биз аларга кайра контрабанда менен бензин сатып, азыр Лейлекте 60ка жакын май куюучу жайлар бар. Ошолорго ташымыш болуп, а негизинен тажиктерге контрабанда кылып сатып жатышып, биздин көп азаматтарыбыз байып алышпадыбы. Мамлекет, бийлик аларды көрмөксөн болуп туруп берди. Азыркы бийликтегилер “Биз ал жердеги контрабанданы токтоттук” деп айтып жатышпайбы, демек контрабанда, баңгизаттардын жолу токтоду да. Алар менен иштегендер абдан бай эл, аларда акча абдан көп. Анан алар да аракет кылышты көрүнөт. Азыркы бийлик бардыгын анализдеп тактап албастан бир аз шашып кетти да, анан азыркыдай абалга дуушар болду.

Биз тажиктер менен ар дайым этият болушубуз керек. Алар келишимге кол койгону менен андан ары эмне кылышканын көрдүңөр да. Ошон үчүн булар менен алыш-бериш, дегеле мамиле жасоодо абдан кылдаттык керек.