Т.Акун: “Раимбек Матраимовду каматпай койду”- деп президентти  күнөөлөгөн негизсиз деп ойлойм

- Сот Матраимовду 260 миң сом төлөтүп, камактагы акчаларын чыгарып, ага болгон чектөөлөрдүн баарын алды. Ошол эле учурда президент, УКМКнын баары Матраимовдун барымтасында калды деп көкүткөндөр пайда болду. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен Матраимов боюнча чечим чыгарган сотторго абдан таң калып жатам. Матраимов  коомдук пикир жаратып, мамлекетти чыгымга учураткандан кийин сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алышы керек болчу. Соттор да абийирдүү болуп, мамлекетти сызга отургузган адамды жөн эле боштондукка чыгарып койбой, катуу жазасын бериши керек эле. Өкүнүчтүүсү, бул нерсе соттордун мурдагыдай эле иш алып барып жатканын далилдеди. Чынында Матраимов Алмазбек Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду жаманатты кылды. Ал турсун Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетирүүдө да негизги ролду ойноду. Эми  Садыр Жапаровду да жаманатты кыла баштады. Тагыраагы, мурдагы президенттерди “сотко кийлигишет”- деп сындасак, эми “Садыр Жапаров сотторго кийлигишпей койду. Матраимов 260 миң сом менен жазадан кутулуп кете турган болду, аны каматпай койду. Чындыкка жаназа окулду”- деп сындап жатышат. Матраимовду каматкыдай Садыр Жапаров сот эмес да. Ошон үчүн “Раимбек Матраимовду каматпай койду”- деп президентти  күнөөлөгөн негизсиз деп ойлойм. Бизде өзү негизи Матраимов жөнүндө гана сөз болуп жатат. Кыргызстанда Матраимовдон өткөн бай адамдар толтура. Алардын көбү коррупциялык жол менен байыгандар. Үстүнөн иш козголгонуна карабай  президентке шыйпаңдап жакындагандын жолун издеп жатышат. Тагыраагы, премьер, вице-премьер, министр болуп мамлекеттик кызматта иштеп байып, Москвага үч кабат үйлөрдү салып, чет мамлекеттен эсептерди ачып жүрүшөт. Мына ошолордун баары сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алышы керек. Коррупцияга малынган адамдар тиешелүү жазасын алмайын Кыргызстанда эч качан коррупция токтобойт.

- Неге Матраимовдон бай адамдар толтура болсо да, Матраимовдун арты менен президентти каралоо күч алды?

- Матраимовду жактагандан алысмын. Бирок, калыстык үчүн айтып коюшум керек. Матраимовдон дагы оор кылмыш кылгандар жөн эле жүрөт. Матраимовду “Магнитскийдин тизмесине” киргизип, аны коррупциянын символу катары сындоо менен Атамбаевдин убагында түзүлүп калган АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимди кайра күчтөп калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан ал геополитикалык оюндун курмандыгы болуп жатат. Америка артында турганы үчүн “Азаттык” радиосу да күнүгө сөздү Матраимовдун соту менен баштап, президентти каралоого аракет жасай баштады. Ал турсун “Реакция!” деген акцияны уюштуруп, байма-бай митинг уюштурган балдардын сөзүн АКШдан жана Европадан каржыланаган “Азаттык”, “Клооп.кж”, “Кактус-медиа” сыяктуу сайттар чагылдырып, коомдук пикир жаратуунун аракетин көрүп, америкачыл көз караштагы саясатчылардын саясатынын тымызын жүргүзүшө баштады. Акула саясатчылар жаштардын колтугуна суу бүркүп, кандай сүйлөштөн, кандай талаптарды койгонго чейин үйрөтүп, жаштарды курал катары пайдаланып, элдин тынчтыгын эске албай, тополоң чыгаруунун аракетин көздөп жатышат. Кыскасы, өлкөнү башалмандыкка алып келе турган топтор пайда болду. Тагыраагы, АКШнын чалгындоо кызматтары жана элчилиги  бул ишке катуу кирише баштады. Ал тургай президенттин сүйлөгөн сөзүн, жолугушууларын, макулдашууларынын баарын АКШнын жана Россиянын чалгындоо кызматтары угуп, тиешелүү органдарга жеткирип жатышат.

- Жаштардын митингде койгон талаптары орундуу элеби же алар аша чаап жатышабы?

- Жаштардын койгон талаптары туура. Революциядан кийин акыйкаттык орнойт, адилеттик орун алат. Матраимов өңдүү коррупционерлер тиешелүү жазасын алат деп ойлошкон. Бирок, алар президенттин ишке киришкенине 15 эле күн болгонун эске алышпай, орунсуз талаптар менен чыгышты. Жаштар маселе көтөрөрдө, талап коёрдо кичине ойлонушса болмок. Европада деле президентке жок дегенде 100 күн берет президентке. Булар чоң саясатчылардын тилине кирип, алар үйрөткөн сөздөрдү сүйлөп, талаптарды айтышты. Чынында бул балдар чындап адилеттик үчүн күйүп, чындык үчүн күрөшүп жатканын кудай билет. Алар өздөрүн жарандык коомдун өкүлдөрүбүз дешкени менен булардын баары ток балдар экени кийген кийиминен, минген машинелеринен жана жүргөн жерлеринен билинип калды. Айтайын дегеним, экс-президенттер менен чай ичишип, байланышта жүргөн балдар экени да ачыкка чыкты.

Мисалы, биз 90-жылдары митингге чыкканда шымыбыз айрык, курсагыбыз ачка болчу. Митингге чыккан сайын милиция 15 күнгө камап, сабачу. Азыркыдай кыйкырып тарап кетчү эмеспиз. Сөзсүз  камашчу. Азыркы митингчилер оюна келгенди оттоп,  тайраңдап жатышат. Эмнеси болсо да акылга келишип, чоң саясатчыларга курал болбой, элдин тынчтыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлошу керек.

Булак: “Майдан.kg газетасы