А.Арабаев: "Келечекте адептүү, ыймандуу, ички дүйнөсү руханий баалуулуктарга сугарылган муунду тарбиялоо мамлекеттин эле эмес, коомубуздун да милдети"

Бишкек, “Саясат.kg”. Юридика илимдеринин доктору, профессор, республикабыздын эмгек сиңирген юристи Автандил Арабаевдин макаласын сунуштайбыз

Ушул күндөрү медиа жана социалдык түйүндөр тармагында белгилүү ырчыларыбыздын бири Курал Чокоевдин “YouTube” порталында уюштурган шоу-программасында аны менен чогуу катышкан башка алып баруучулар баары сөгүнүп-сагынып сүйлөшүп, чакырылган конокторун келекелеп, мазакташканы жалпы коомубузду да, шоу-бизнес чөйрөсүнүн өзүн да сөзгө келишпес эки жакка бөлдү. Бир тарабы кыргыздарга жат болгон, адаттан тыш мындай интернет-шоуга бөгөт коюп, анын уюштуруучуларын катуу жазалоого чакырышса, экинчи тарабы шоунун авторлорун колдоп, маданият министрлигинин аракеттерин сындап чыгышты.

Бул арада чоң-чоң мурунку, кийинки жетекчилерибиз, элибиздин жакшылары дагы деле саясат менен эле алек. Кээ бирлери президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Садыр Жапаровду коомдогу бардык саясий күчтөрдү бириктирип, саясий реформаларды тез арада жүргүзүүгө чакырса, айрымдары анын премьер-министрлик ыйгарым укуктарды тапшыруусун талап кылып жатышат.

Башкасын айтпаганда да, ушул параллелдүү өтүп жаткан эки көрүнүштүн артында кыргыз коому өтө оор жана опурталдуу кризиске тушукканын көрүүгө болот. Бул адеп-ахлактык жана руханий кризис.

Ооба, мамлекетибиз бүгүн экономикалык, финансылык, укуктук, саясий кризистерди баштан кечирип жатат. Аларды танууга мүмкүн эмес. Бирок, аларды адекваттуу мамлекеттик программалар кабыл алынса, аны аткаруучу кризис-менеджерлер туура тандалса жана саясий эрк болсо, бул кризистерден чыгуу жакынкы мезгилдин гана иши болоору ачык.

Ал эми кыргыздар өзүбүздүн руханий дөөлөттөрүбүздү жоготуп, аларды “либералдуу” жана “демократиялуу” деп жалган таанылган, кыргыздын улуттук аң-сезимине, дүйнө таанымына, менталитетине туура келбеген идеология менен, көз-караштар менен, жүрүм-турумдар менен алмаштырып алсак, аларды качан, кантип, кайсы убакта кайра калыптандыра алабыз? Орто жолдо кыргыздын келечек муунун же муундарын жоготуп албайбызбы? Келечекте кыргыз Кыргыз бойдон калабы?

Адеп-ахлак дегендин өзү илимде коомдук өнүгүүнүн жана ошол эле учурда тарыхий прогресстин фактору катары таанылат. Бул деген адеп-ахлактын, анын маңызы менен мазмунунун калыптануусу нечен деген жылдарды талап кылат, керек болсо кылымдар бою калыптанат, тамырлайт, элдин аң-сезими менен жүрөгүнөн орун алат. Ошондо гана алар “эне сүтү” менен атадан балага, муундан-муунга өтүп, тигил же бул элдин коомдук турмушун, көз-караштарын, коомдогу баалуулуктарды, мамилелерди аң-сезимдик деңгээлде жөнгө салуучу маанилүү коомдук көрсөткүчкө, кубулушка айланат. Ушундай касиеттеринен улам, адеп-ахлактуулук адамдын руханий байлыгы, көз-карашы жана турпаты менен тыгыз байланышта болот.

Арийне, адам табиятынан коомдук болгондуктан, жеке адамдын адеп-ахлактык макамы менен руханий байлыгы тиешелүү коомдогу адеп-ахлактуулукту жана руханий көрсөткүчтөрдү чагылдырат. Өз учурунда белгилүү философ И.Кант да адеп-ахлактуулуктун коомдук маанисин жалпы эрк менен жеке эрктин катышынын негизинде аныктаган.

Демек, кыргыздардын руханий дөөлөттөрүн, баалуулуктары менен мурастарын сактап калуу, коомдук адеп-ахлактуулуктун касиеттерин чыңдап, аларды кеңири жайылтуу менен улуттук аң-сезимибизди өнүктүрүү мамлекетибиздин алдындагы актуалдуу маселелердин бири болуусу зарыл.

Албетте, биз демократиялык сыпаттагы батыштык өзүмчүлдүк идеологияны жана башка бизге жат көрүнүштөрдү түздөн-түз тыя албайбыз. Себеби учурдагы өнүккөн интернет, социалдык түйүндөр, спутник телеканалдар адеп-ахлактуулукка, руханий жашообузга өтө зор таасирин тийгизип жатат жана тийгизе бермекчи. Аларды көзөмөлдөө мүмкүн эмес жана мындай аракеттердин кереги да жок.

Бирок, республикалык масштабда билим берүү уюмдарын, маданият мекемелерин, жарандык институттарды, интеллигенциябызды жана жалпы эле коомубузду бул мамлекеттик маселеге мобилизация кылсак эмнеге болбосун?

Анткени келечекте адептүү, ыймандуу, ички дүйнөсү руханий баалуулуктарга сугарылган муунду тарбиялоо мамлекеттин эле эмес, коомубуздун да милдети.