З.Курманов: “Элдин кыжырын, нааразылыктарын келтирбѳѳ үчүн шайлоо жупуну эле ѳтүшү керек...”

- Каалайбызбы, жокпу бирок Жогорку Кеңешке шайлоо ѳз мѳѳнѳтүндѳ ѳткѳрүлүшү керек. Ансыз мамлекет легитимсиз парламент менен жашап калат. Бийликтин мыйзам чыгаруу бийлик бутагы жок болуп калат. Кыргызстан донордук каражаттар менен жашай турганын эске алсак, донор ѳлкѳлѳрдүн алдында биз жаман жагынан кѳрүнүп калабыз.

Элдин кыжырын, нааразылыктарын келтирбѳѳ үчүн шайлоо жупуну эле ѳтүшү керек. Тилекке каршы, БШК баннерлерди даярдоого эле 2 млн. 132 миң сом акча коротууда. Аларды ташып жеткирүүгѳ, канцелярдык товарлар, жабдуулар үчүн 21 млн. 121 миң сом сарптаганы жатыптыр. Мынчалык чыгымдардын кереги бар беле? Мындай ири суммаларды кѳргѳн жарандарда сѳзсүз түрдѳ нааразылыктар болбой койбойт. Ушундан улам да шайлоону ѳткѳрүүнү токтотуу талаптарын кое башташат.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл