Т.Акеров: “Парламенттик шайлоо өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилген учурда гана жылдырылышы мүмкүн...”

- Табылды мырза, “шайлоо мөөнөтүн алмаштырыш керек. Элдер өлүп жатса, шайлоо өткөрүү алсыздык, жапайычылык”- дегендер чыга баштады. Чын эле мындай абалда  шайлоо мөөнөтү жылдырылышы керекпи?

- Конституциянын талаптарына ылайык парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Парламент жайкы каникулга тарап, кезексиз сессияга чогулууга мүмкүнчүлүгү жок. Парламенттеги партиялардын баары шайлоого аттанып, БКШга катыша тургандыгы жөнүндө арыздарын тапшырып коюшту. Ошондуктан, булар эми кезексиз сессияга чогулуша алышпайт. Шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. Бул парламентти жапатырмак жамандап, “колунан эч нерсе келбейт” деп сындап, “булардан кутулсак” деп келдик. “Чимкирик” деген ат жалпы элдик болуп калды. Анан булар чогулуп, бир нерсе чечет дештин өзү да опурталдуу.

- Мындай учурда парламент кезексиз жыйынга чогулуп,  шайлоо мөөнөтүн аныктаган чечим кабыл алышы керек беле?

- Депутаттар кезексиз сессияга чогулса, алгач өкмөттү угушат. Өкмөт коронавируска каршы күрөш боюнча отчёт берет. Ошого жараша чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Эгер Өкмөт “биз абалды контролдоп жатабыз, 2 жумада абал оң жагына оойт”- деп койсо, анда шайлоонун мөөнөтү жылдырылбайт. Эгер Өкмөт “абал өтө начар” десе, анда өлкө боюнча же айрым шаарларга же облустарга өзгөчө абал киргизилип калышы мүмкүн. Бирок, бул проблеманы чечпейт. Себеби, шайлоо өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилген учурда гана жылдырылышы мүмкүн. Башкача айтканда, баары өкмөттөн көз каранды. Бүгүн өлкөдөгү абалга Өкмөт жоопкер. Эгер Өкмөт абал начарлап баратканына көзү жетсе, анда ал деле кезексиз сессия чакыруу демилгеси менен чыгууга укуктуу.

- Шайлоодо эл илдетке көбүрөөк кол кабыш кылгандарга басым кылышы керекпи же депутаттарды башка критерийде тандашы зарылбы?

- Парламенттик  шайлоого катышууга 44 партия арыз берген. Албетте, булардын көпчүлүгү катыша алышпайт. Акчалары жок. Шайлоого 10-15 партия катышышы мүмкүн. Албетте, бул жолу эл өлкөдөгү абалды көрүп турат. Ошон үчүн баарына түшүнүү менен чечим кабыл алат деп ойлойм.

- Илдет мезгилинде кол-кабыш кылгандардын аракети элдин добушун сатып алууга барабар болуп калабы?

- Албетте, айрым партиялардын аттары айтылып калып жатат. Айрым шылуундар абалдан пайдаланып бизнес кылып жатканы да белгилүү болуп жатат. Бирок, бүгүн өлкөдөгү абал өтө татаал. Эң негизгиси, ошол партиялар кийин шайлоодо элден “добушуңарды бергиле” деп коколобосо эле болгону.

- Илдет менен күрөшүүдө ички ресурстарды падалана албай калдыкпы?

- Коронавирус Кыргызстан 30 жылдан бери 2 революция кылып, бирок, эч нерсеге жетишпегендигин ачыктап салды көрүнөт. Кыргызстан эң жакыр өлкө экенин билдик. Казынада акча жок, сокур тыйынга ээ эмес экенибизди билдик. Өкмөттөр жөн эле айдан-айга бюджеттик структуларды кармап тургандыгы анык болду. 2 же 3 айга өзүнчө жашай албастыгыбызды билдик. Эгерде Сооронбай  Жээнбеков эл аралык уюмдарга өз учурунда кайрылып, өлкөгө акча алып келбегенде, Абылгазиевдин өкмөтү элге айлык, пенсия төлөй албай калмак экен. Ошондуктан, мамлекеттик бийликке, парламентке, “тиги чоң муштум, ал мага туруп берет”, “тиги контрабандист, ал мага акча жасап берет”, “тиги наркобарон, ал трафикти контролдойт” дебей, мыкты адистерди, кадрлардын келишин камсыздаш керек. Бул бийликтин, саясий лидерлердин жана партиялардын негизги милдети болушу керек. Ошондо гана ички ресурстар жөнүндө айтсак болот. Идеясы жок чоң муштумдар, контрабандисттер, наркобарондор келип жатып, өлкөнүн ички ресурсу жок экенине көзүбүз жетти.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл