А.Акматов:Көп өлкөлөрдө шайлоо социалдык аралыкты, дарыгерлердин талаптарын эске алуу менен өткөрүлүп жатат. Кыргыз эли да шайлоого барып, добушун бериш керек!”

- Айданбек байке, пандемия мезгилинде партиялар берген жардамдар БШКнын көзөмөлү аркылуу берилиши керек деген билдирүүлөр чыга баштады. БШК жардамды да көзөмөлдөшү керекпи ?

- Бул жерде мыйзам тарабынан чектөө бар. Шайлоо кодекси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, шайлоого катыша турган партиялар добуштарды сатып алууга тете болгондой ар кандай жардамдарды бербеши керек. Ошондуктан азыркы учурда “оң колуңдун бергенин сол колуң билбей калыш керек” деген принцип иштеш керек. Жардам бергиси келгендер аны жарыя кылбай, мамлекет аркылуу жардам берсе болчудай.

- БШКнын партиялардын каражатына көзөмөлдү күчөткөн жаңы жоболору добуш сатууну токтото алабы?

- Стадиондордо белгилүү ырчы, бийчилерди чакыруу менен шоу уюштурууга чектөө киргизилди. Бирок булардын баары добуштарды сатып алууга, эң башкысы административдик ресурстун, криминалдын кийлигишүүсүнө чек кое албайт. Коомубуз да мындай терс көрүнүшкө каршы турууга даяр эместей. Ошондуктан добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, каралар, чоң муштум спортчулар, бандиттик топторду колдонуу бул шайлоодо да колдонулбайт дегенге кепилдик жок.

- Шайлоо күнүн жылдырса эмне болот, жылдырбаса эмне өзгөрөт?

- Бул абдан талаштуу маселе болуп турат. Бир жагынан тумоо калкты абдан мүшкүлгө салып жатат. Эл оорудан азап тартып, аябай кыйналып турган учурда  шайлоо жөнүндө сөз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүү орунсуз. Бирок эл өзү азыркы бийликти, парламентти сынга алып жатат. Ошондуктан мыйзамга ылайык аларды алмаштырууга элге мүмкүнчүлүк берилип жатат. Көп өлкөлөрдө шайлоо социалдык аралыкты, дарыгерлердин талаптарын эске алуу менен өткөрүлүп жатат. Мына кечээ жакында Польша президенттик шайлоо өткөрдү. Ошондуктан кыргыз эли да шайлоого барып, добушун бериш керек. Мына ошол элден мандат алган жаңы өкмөт, жаңы парламент тумоодон, экономикалык каатчылыктан чыгаруунун үстүндө иштеш керек.

- Бүткүл дүйнөлүк уюмдун башчысы “көптөр коронавирус менен күрөшүүдө туура эмес багыт алып алды” дептир. Ошондой эле, “бул башталышы, оорукана куруп, дарылардын запасын камдоо” керектигин эскертиптир. Бизде анын бири боло элек го. Чындап экинчи толкуну кайталанса эмне кылабыз?

- Кыргызстан менен Казакстанда тумоо абдан катуу жүрүп жатат. Бишкектин тургундарынын 70-80% ооруп чыкты десек жаңылышпайбыз. Азыр эми региондордо да тумоо жүрүп жатат. Жеңилинен берсин. Дүйнөлүк саламаттык уюмунун “туура эмес багыт алды” дегени – “карантинди, чектөөлөрдү эртелеп алып жиберишти, социалдык дистанция, маска тагуу сыяктуу талаптар жакшы аткарылбай калды”- дегенди түшүндүрөт. Көп жерлерде мына ошондой болуп кетти. Биздин Кыргызстанда да. Казакстан кайрадан карантин киргизди. Ага мамлекеттин кудурети бар экен. Казакстанда алтын-валюталык резерви 80-90 млрд. доллар экени белгилүү. Ошондуктан карантин учурунда мыйзамга ылайык калкка 42 миң теңгеден акча берип жатат. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок. Бюджеттин киреше бөлүгүнө 40 млрд. сомдой акча түшпөй калганы белгилүү. Ошондуктан сырттан келген 321 млн. доллар же 25 млрд. сом айлык акыларга жумшалып кеткени айтылды. Кыргызстанда карантин киргизип, карантинге алынган калкты азык-түлүк, акча менен камсыз кылууга мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Негизи Кыргызстанды тумоо март, апрелде, майда эмес, июнь айында каптады. Азыр да уланып жатат. Мына ошол карантин айларында өкмөт, бийлик тийиштүү даярдыктарды көргөн эмес. Тумоо абдан катуу каптаганда коомчулук аракеттенип, андан кийин күндүзгү стационарлар ачылып, бийлик да кошулуп аракеттене баштады. Бирок кеч болуп калган эле. Тумоо жайылып¸ оорулар саны кескин өсүп, калк дүрбөлөңгө түшүп калган. “Тумоонун экинчи толкуну каптайт”- дегенге ишенгим келбей турат. Анткени вирусолог окмуштуулар калктын көпчүлүк бөлүгү ооруп, иммунитет алып алса, андан кийин оору тийбейт деп жатышат. Мен мына ошого ишенгим келет. Азыр айылдарда, региондордо тумоо калкка катуу тийбесе экен деп чочуп турам. Медицина, дарыканалар бар борбордо ушунчалык оор болуп жатат. Айылдарда кандай болот? Кудай сактасын!

- Саламаттык сактоонун алгоритми деп отуруп элди бөөдө кырып алган жокпузбу?

- Биринчи учурда мына ошол алгоритмдин зыяны тийди. “Ковид-19 анализиң менен гана ооруканага алабыз”- деген алгоритм эрежелери элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнө, бир нече өмүрлөрлөрдүн үзүлүүсүнө алып келди. Бактыга жараша көп өтпөй ал алгоритм талаптарын жокко чыгарышып, оорулардын баарын оорукана, стационарларда мүмкүн болушунча кабыл ала башташты.

- Мындай абалга кептегени үчүн Абылгазиев жана анын өкмөтү жооп бериши керек дегендер бар. Ошол эле учурда “апааттан күнөлүүнү издебей эптеп жеңип кетели. Сабыр кылгыла”- дегендер да бар. Буга не дейсиз?

- Биринчи кезекте апаатты жеңип кетүүгө, өмүрлөрдү сактоого бардык күчтөр жумшалыш керек. Кыргызстанда азыр каражат жок. Бул маселени чечиш керек. Каражат табыш керек. Жакшылап ойлонушса, каражатты деле өзүбүздөн тапсак болот. Ал биздин алтын кендер. “Кумтөр” баш болгон алтын кендерибизди чет өлкөлүктөр талап-тоноп кетип жатат. Ошону эле пайдаланышыбыз керек.

Абылгазиевдин өкмөтү кеткен жок. Абылгазиев өзү гана кетти. Абылгазиев учурунда биринчи вице-премьер-министр болгон, тумоого каршы штабды башкарган Боронов өкмөттү башкарып жатат. Кеткен Абылгазиевге кошуп, азыркылардан сурай берсе жарашат. Азыр Кыргызстан каражат жоктугунан каржалып турат. Бизде мамлекетке, бюджетке тез арада каражат түшүрө турган бир гана булак бар. Ал “Кумтөр” баш болгон алтын кендер. “Кумтөрдөн” жыл сайын 20 тоннага жакын алтын казылып алынат. Аны 900 млн. доллардын тегерегинде акчага сатат. Бул суммадан Кыргызстан бюджетине болгону 80-90 млн. доллар салык төлөнөт. Болду. Калганы “Центерраныкы”. Анын өндүрүш чыгымдарын 200 млн. доллар деген күндө да таза 600 млн. доллар чыгарып кетип жатышат. Дагы бир саресеп сала турган эсеп бар. Бүгүнкү күндө бир унций алтындын баасы 1800 долларга чыкты. “Кумтөрдө” бир унций алтындын өздүк наркы 553 доллар экенин эл аралык Mining.com жазып чыккан. Mining.com “Кумтөрдү” дүйнөдөгү эң арзан кен казылган он компаниянын катарына кошкон. Демек, “Центерра” бир унций алтын казып алууга 553 доллар коротуп, анын ичинде салык, айлык акы, өндүрүшкө кеткен чыгымдар бар, 1 унцийди дүйнөлүк базарда 1800 доллардан сатып жатат. Ошондо ар бир унцийден көргөн таза пайдасы 1200 доллар болуп жатат! Булар болсо жылына 500-600 миң унций алтын казып алышат. Ушундай эле көрүнүш “Жерүй” алтын кенинде, Жалал-Абаддагы “Бозымчак”, “Иштамберди” жана башка ири алтын кендеринде орун алган. Кеминдеги “Алтынкен” да жылына 3 тоннага чейин алтын казат. Мына ушул алтын кендердеги алтындын бери дегенде 50% Кыргызстан колунда калыш керек. Бул үчүн атайын мыйзам кабыл алынууга тийиш. Мына ушундай чечимден кийин Кыргызстан мамлекетинин бюджетине бери дегенде 500-600 млн. доллар акча түшөт. Бул акча азыркы кездеги бюджеттеги катастрофалык абалды оңдоого жетет. Азыр форс-мажор кырдаал. Калкты сактап калыш үчүн алтын кендердеги алтындын кеминде 50% Кыргызстанда калат деген чечим керек.

- Элди “вирус жок” деп адаштырган Адахан Мадумаров менен “вирусту Кытайга айдап жибердим” деп элди ишендирген Арстан Алайды жоопко тартыш керек дегендер бар. Элдин сактанбай коюшуна ушул эки инсандын да салымы бодубу?

- Адахан Мадумаров вирус жок деген эмес. Пандемия боюнча күмөнүн билдирген. Пандемияга март, апрель, май айларында баарыбызда эле күмөн болгон. Аны жашыруунун кереги жок. Вирус июнь айында катуу сокку урганда айлабыз кетип калды. Анан “Адахан Мадумаров айткан эле, ошого ишенип алды” деген болбогон сөз. Бул саясий чайкоочулук. Мындай чайкоочулукту күчөтүп жаткан бийлик жана алардын жандоочулары өздөрү да пандемияга ишенген эмес. Алар ишенген болсо анда эмнеге жок дегенде кошумча орундарды, дары-дармек, медициналык шаймандарды даярдап коюшкан жок? Колунда мамлекеттин акчасы, бүтүндөй ресурстары турган бийлик эмнеге даярдык көргөн жок? Маселе ушундай коюлуш керек.

- Неге азыр бул илдет боюнча жооп берүүдөн врачтар качып жатышат? Алардын бир билгени барбы?

- Алардын билгени жок үчүн жооп берүүдөн качып жаткандай. Анткени, бул илдет жаңы болуп жатат. Ал адам организмине кандай таасир этип, кандай дарылаш керектиги боюнча так аныктама жок. Азыр дүйнө жүзү боюнча мунун үстүнөн изилдөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Коронавирустун өзүн жогото турган дары табыла элек. Ошондуктан ал вирус жараткан симптомдорду жеңилдетүү, организмге жардам берүү жагына көп көңүл бурулуп жатат. Маселен, бул вирустун канды коюлтуп жиберүүсү көп өлүмгө алып келгени аныкталып, канды суюлтуучу дарыларга басым жасалып жатат...

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл