С.Муканбетов:  "Азыр партияны катынындай көрүп талашкан Атамбаев жок, жеке кызыкчылык көздөп келгендердин баары Атамбаев бийликтен түшөөрү менен жоголушкан..." 

 

- Сабыр байке, мына күркүрөп күз келди, жайкы каникул аяктап, балдар окуусун, депутаттар сессиясын баштап, жашоо өз ыргагына келип, саясат кызый баштады. Өмүрбек Текебаев түрмөдөн чыгып, Убактылуу Өкмөт (УӨ) активдешип, президент менен жолугушуп, эки ортодо 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктар тууралуу сөздөр жүрүп, аракеттер көрүлө баштаганы байкалууда. Ушу маселелер тууралуу баарлашсакпы деп турам.

 

Алгач ушу Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн чыгышы, УӨнун активдешиши, Убактылуу өкмөттүн алдыда келе жаткан парламенттик шайлоого бир тизме менен чыгууга шансы барбы? Президент Сооронбай Жээнбековдун УӨнү кабыл алышы тууралу кандай ойдосуз?

 

- Өмүрбек Текебаев албетте шайлоо тууралуу ойлонуп жатат. Ойлонбой коё албайт. Анткени ал тийип качкан саясатчы эмес, ал анын кесиби. Өмүрбек досум аламанга салынчу күлүк аттай туяктары өзүнөн өзү тыбырчылап турган адам. Бүт өмүрүн ошо саясатка арнаган саясатчы да. Бирок анын катышаар катышпасы соттон көз каранды. Акталышы керек, а дегенде. Текебаевдин медиа айдыңда активдешип жатышы да ошо сот процесин тез арада ары-бери кылуу... Анпесе, мына бир жыл убакыт калды, жетишпей калса кайдагы шайлоо, туурабы? Ошондой болуп калбайт деген кепилдик жок да. Өзү да түрмөнү көрдү, “болду барбайм, тынч жашайм” деп коюушу да толук мүмкүн.

Ал эми УӨнүн активдешип кеткени, ал деле Текебаевдин түрмөдөн чыгышына байланыштуу болгондой. УӨчүлөр адегенде “түрмөдөн чыкканын көрүп койолу дегенбиз” дешкен, анан эле “кызый кызый кыздын койнуна кириптир” болуп, сейил бакка барып калышты, бак тигишип. Анан, андан өйдөлөп-өйдөлөп барып эле резиденцияга, президентке чейин кирип кетишпедиби. Президенттин чакырып кабылдап жатышы да, Текебаевдин акталуусу боюнча кандайдыр бир оптимистик жагдай жаратып жатканын байкабай коюу мүмкүн эмес.

 

Негизинен УӨнүн биргелешип, бир тизме түзүп шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жок эмес. Ошондой көксөөлөрү да бар. Президенттин кабыл алышы да бүйүрлөрүн кызытып койду окшойт, тунелдин башынан жарык көрүшкөнсүп, делебелери козголгонун байкоого болот.

 

Ич ара келишпестиктерин, амбицияларын жыйыштыра алышса таасирдүү күчкө айланышат. Анткени булар, андан-мындан качкан саясый сойкулар эмес, “бизнесимди коргойун” деп чыккан олигархтар эмес, кошелоктор эмес, 20-25 жыл ысык-суукту бирге көрүп, сыноодон өтүшкөн, кетирген катачылыктарын азабын тартышкан, колдорундагы бакытты учуруп алышып, ка-аап, деп, өкүнүп калышкан боецтер да.

 

Бирок, ошентсе да, “булар, точно уюшуп бириге алат, шайлоого катышат” деп эч ким так кесе айта албаса керек. Бул маселе УӨнун мүчөлөрүнүн амбицияларынан, айрымдарынын азыркы бийлик менен болгон мамилелеринен, анан Текебаевдин акталаар акталбастыгынан, учурдагы кырдаалдан, дагы көптөгөн себептерден да көз каранды болуп жатпайбы, ошондуктан алдын ала айтуу кыйын.

 

- Эми 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо тууралуу суроого кайрылалы. Бул шайлоо кандай өтөт, ким кандай даярдыктарды көрүп жатат?

 

- Шайлоого бир жыл калгандан кийин Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизгенге тыйуу салынган. Ал туура. Анткени колунан келгендер - депутаттар өзүлөрүнө ылайыктап өзгөртүп алат деп сактанышкан. Эми мына, алдыда келе жаткан октябрдын жарымынан кийин шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизе албай калабыз. Болгону бир айдай убакыт калды. Өзгөртүүлөр боюнча сунуштар көп, бир пикир жок. Кандай мыйзам менен шайлоо болот белгисиз.

 

Шайлоо тизмесин түзүү мурдагы бойдон калса, кайра эле олигархтар менен коррупционерлерден башкалар тизмеге кирбей, мандаттар соодаланса, эл иренжисе, парламентке ишеним болбосо, туруктуулук бузулуп, тополоң болбойт деген кепилдик жок.

 

Шайлоо темасы козголгондо эле көп эскерилип, көпчүлүктү кабатыр кылган тема ушу тизме темасы менен 9 пайыздык босого болуп жатат. 9% партияларды ирилешүүгө мажбурлайт. Ошондуктан бир жагынан бул жакшы. Бирок бул бир нече ирет кошулуп ажырашып, бет карашкыс болуп калгандарга, анан электораты аз чакан партияларга жакпайт. Анткени биригүү кыйын. Ошон үчүн алар “босого төмөн болсун, же таптакыр алынып салынсын” деп жатышат.

 

Эми, саны бар сапаты жок, “жентелмендик” набор иретиндеги 200-300 партия керекпи? Кимге керек? Жалпы көпчүлүк, “элге эки, үч эле партия болсо жетет” деп жатышат. Мен да ошол туура деп ойлойм. Келечегинде бүт республика бир округ болгон системадан кайтып, канча мандат болсо ошончо округ кылып, анан ар бир округга шайлоого катышкан партиялар тизме эмес, тикелей тирүү талапкерди көрсөткөн системага барышыбыз керек.

 

Өткөндө “босого төмөн” деп мурунку “Республика” партиясынан эле бөлүнүп, “Бир Бол”, “Өнүгүү”, “Республика – Ата Журт” болуп үч партия келди, эмнеси жакшы болду? Ирилешкен эле жакшы. Биригишсин. Бириккиси келбегендер өтпөсө өтпөй калсын. Бийлик да партиялык курулушка айрыкча көңүл бөлүп, жеке кызыкчылыкты көздөгөн мите партиялардан арылуунун жолун ойлонушу керек.

 

- Шайлоого катыша алат деген партиялар тууралуу кеп салсаңыз. Кимдер бара алат? Кимдер бириге алат?

 

- Жогорку Кенештеги (ЖК) партиялар баары эле шайлоого катышууну каалайт. “Ата Мекен” партиясы боюнча Алманбет Шыкмаматовдун: “Текебаев кутулса да кутулбаса да шайлоого катышабыз” дегени бар. Эл менен туруктуу иштешкенине карабай, каражат жагынан каржалып, босогодон араң өтүп келген атамекенчилер 9% босогодон өтүшү күмөн. Бирок ошого карабастан алар шайлоого барат. Болгон күчүн жумшап, ЖКнын ичинен да, тышынан да тилектеш күчтөрдү чогултууга аракеттерин көрүшөт.

 

Бирөөлөр менен бирикпесе жолу болбосун сезген “Өнүгүү-Прогрес” партиясы бийликке ыктай албай турган абалга кептелгендиктен, бийликке оппонент болчуларга ыктаганга мажбур. Бакыт Төрөбаев Текебаевдин партиясына же башка бир күчтөргө кошулмайын шайлоого бара албайт. Шанс жок.

 

“Кыргызстан” менен “Бир Бол” партиялары да бул сапар бийик 9% босогодон өтө алышпасын билишет. “Кыргызстан” өткөндөгү шайлоодогудай бийликчил-сателит партиялык тизме болуп берүү аракеттерин көрүп жатат. Бийлик менен мамилесин бир топ түзүктөп алганына карабастан, Канат Исаев, менимче андай бийликчил тизме түзүүгө карт бланш алды деп айтуу эртелик кылат. Алтынбек Сулайманов экөө амбициаларын ичтерине катып, бириге алышса сателит болуу шанстары балким жогоруламак. Бирок, бу сапар бийлик кандай жолду тандайт (?), мурдагыдай сателиттер керек болобу, болбойбу (?) толук ачыктала электиги да ойлондурбай койбойт. Шаки деген алкомагнат кошелок жок, финансы жагы да оор маселе... Ошондуктан булардын келечеги бүдөмүк, кийинчерээк, кимдерге кошулганына жараша айтпаса, азырынча прогноз жасоо эрте.

 

Бийликтин батасы менен акчага расчет кылып келген “Республика” партиясынын абалы да мурдагыдай эмес. Качып жүрүүдөн тажап, “кырдаал өзгөрдү, мен турмак башкалар менен алектенгенге чамалары жетпейт, Алмазбек Атамбаевдин ызы-чуусунун көлөкөсүндө калып кутулам” деген Өмүрбек Бабановдун чала сүйлөшүлгөн расчету тетири чыгып, 12 кылмыш ишинин алкагында жүдөп, шайлоо тууралуу ойлонгого чама чаркы жок. “Башымды ачсаңар партиямды деле өткөрүп берет элем”- дегенге даяр болуп турган чагы. Аны ортого салып, өзүлөрү сүрөй турган күчтөрдүн финансылык маселесин чечебиз деген Роза Отунбаева, Болот Шер канча аракет кылса дагы “коён жүрөктү” чээнден чыгарып, катарга кошуу мүмкүн эместей болуп турат. Кичине эле тейтектейин десе темир тордун аркасына өтүп кетиши мүмкүн.

 

Эми КСДП. КСДП тууралуу сөз болгондо эле “соодасы бүттү, өлдү, бөлүнүп кетти, рейдерство, Атамбаевсиз булар эч жакка баса албайт, Сагынбек Абдырахманов тарта албайт”- деген сөздөрдү угуп атабыз. Ойлонбой эле чийип салышып, жок катары көрүп жатышат. Бул өтө терең ойлонулбаган, адашкан пикир.

 

Акаев кеткенде “Алга Кыргызстан”, Бакиев кетээри менен “Ак Жол” партиялары “өлгөнүнө”, ошо замат тарап, жок болуп кеткенине салыштырып, “бу сапар да Атамбаев кетти, КСДП ошентип өлөт”- деген жанылыштык. Ал серепчилер КСДПнын тирүү, тарыхы бар партия экенин, ошо партиянын өкүлү бүгүн президент болуп турганын эске албай, Акаев менен Бакиевдин жеке керт башы үчүн түзүлгөн, эл менен байланышы жок, жасалма, чөнтөк партиясындай көрүп жатышат.

 

КСДП оңой эмес, Кыргызстанга катары менен үч президент берген партия. Сооронбай Жээнбековдун КСДП тууралуу: “КСДП мен жаштыгымды берген, өмүрүмдү арнаган партия, КСДПнын минтип бөлүнүп-жарылып, кызыл чеке болуп атканына менин ичим ачышып турат” дегендей маанидеги сөздөрү бекер сөз эмес. Анан өзүн президенттикке жеткизген партиясынын жок болуп кетишин каалап, “мейли өлсө өлө берсин” деп таштап коёт деп ишенесиңерби?.

 

- Бирок мыйзам боюнча президент партияга мүчө боло албайт эмеспи?

 

- Ооба ошондой, мүчө боло албайт. Азыр, туура, президенттик кызматына байланыштуу партиялык жетекчилик кызматка шайланганга болбойт, партиялык иштерге аралашууга акысы жок. Бирок ал өлкөдөгү партиялардын биринин идеясын, программасын туура көрүп, карманып, ошол идеяны колдоп, турмушка ашырууга аракеттерин көргөнгө тыйуу жок, тетирисинче карманган идеясы сөзсүз болуш керек да. Трамп, Путин баары партиялык идеяны карманышат. Антпесе болбойт. Ар бир президент жаңы идея ойлоп чыксын деген талап жок. Болушу да мүмкүн эмес.

 

Анан ал кан-жанын берген партиясынын идеяларынан баш тартып, жеке кара башынын кызыкчылыгын ойлоп чөнтөк партия идеясын тандап кетеби? Анда анын Акаев, Бакиевден кандай айырмачылыгы калат? Анда президенттин: “мен үчүн элдин кызыкчылыгынан башка кызыкчылык жок” дегени курулай сөз болуп, ал жеке кызыкчылыгын көздөп чөнтөк партия тандап, кара башынын камын көргөн болуп калбайбы?

 

Мен андайга ишенбейм. Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттердин тагдырынан сабак алып, ак иштеп, элге жүзүм жарык болсун деп ак дилден аракет кылып жатат. Жана ошол тилегине жетет. Жетсин деп баарыбыз кош колдоп жардам беришибиз керек. Анткени ал Сооронбай Жээнбековго эле керек эмес, жалпы кыргыз элине керек болуп атат. Дүйнө жүзүнө уят болуп бүттүк. “Ушу кыргыздардан оңдуу президент чыкмак беле, баары ууру, качкын” деген сөздөн кутулуп, оңолуу, өнүгүү жолуна түшөлү да, акыры элибиздин багы ачылыш керекпи деги, жүзүбүз жарык болсун да эй..

 

- Эми фракциядагы таасирдүү саясатчылар, фракция лидери Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана башка депутаттар КСДПнын сьездине барбай койушту. Асылбек Жээнбеков партиядан чыкканын жар салды. Ушундай жагдайда Сагынбек Абдырахманов баштаган маргиналдардын колунан эмне келмек эле деген ойду баары эле айтышты го?

 

- Ооба, баары айтышты. Бирок, тереңирээк ойлонгон киши башкача картинаны көрө алат. Ошол учурда атамбаевчилер “бийлик КСДПны рейдерлик жол менен тартып алуу аракетин көрүп, Сагынбек Абдырахмановду көкүтүп жатат” деп чыгышты. Кеп чынында көптөгөн жылдар боюу кан кечип, КСДП деп жүргөн карапайым мүчөлөр Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык жоруктарына кыжырданып, каршы чыгып, Сагынбек Абдырахмановдун тегерегине чогулуп, партия ичинде ажырым болуп жаткан.

 

Бирок аны, Атамбаевдин рейдерство деген жомогуна ишенип алгандар көргүбүз, уккубуз келген эмес. Убакыттын өтүшү менен, карапайым партиялаштар КСДП фракциясынын жетектеген барандуу фигуралар менен болгон жолугушуулардан кийин кырдаал өзгөрө баштады. Атамбаевден тажанып жаткан фракция депутаттарынын симпатиясы берки тарапка ооду. Тикелей жардам беришпесе да моралдык колдоо пайда болду.

 

Съездге барышпаганынын бир себеби деле “мына күчтөп, Сагынбекке тартып берип жатышат, бул деген рейдерство” деген жалаанын жагын жап кылыш үчүн, тилектеш болуп, колдоп тургандарына карабастан барышкан жок. Анткени, Кыргызстандын булуң-бурчунан расмий шайланып келишкен КСДПчылар аларсыз деле партияны өз колдоруна алып, Атамбаевди төрагалыктан түшүрүшөөрүндө шек жок болчу. Ошон үчүн “рейдерство дебесин, бизди тартып алды, тартып берди дешпесин, карапайым партиялаштар, расмий шайланган делегаттар лидерликтен түшүрүшсүн” деп барышкан жок. Аны жалпы эл да көрдү.

 

Эми азыр кырдаал башка.  Азыр партияны катынындай көрүп талашкан Атамбаев жок, жеке кызыкчылык көздөп келгендердин баары Атамбаев бийликтен түшөөрү менен жоголушкан. КСДП андан кемиген жок. Тазаланды. Азыр фракциядагы атту-баштуулар менен Сагынбек Абдырахмановчулардын мамилеси абдан жакшы деңгээлде. Кызматташып жатышат. Алар  кайтып кошулуп, партия күчтөнүүгө толук негиз бар.

 

Сагынбек Абдырахмановдо деле “мен жеңип алгам, төрага эле болом” деген амбиция жок. Татыктуу төрага болом дегендерге ордун берип, орун басар, аткаруу комитетинде иштегенге деле даяр. Андыктан менин оюмча, КСДПны чийип салууга али эрте. Бул партия далай шайлоолорго катышып, далай жеништерге жетишет дегенге толук негиз бар. Анткени ал партиянын бөлүнүп-жарылып болсо да партия талаша турган карапайым мүчөлөрү бар, чөнтөк партия эмес, тирүү партия.  

 

Эми бул парламентеги партиялардан сыркары саясый күчтөр тууралуу айта турган болсок. “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан”, жана башка жаңыдан түзүлгөн трайбализмге таянууну көздөгөн партиялар, кошелоктук милдетти аткарууга жарай турган олигархтар бар.

 

Амбициясы аттын башындай болгон Адахан Мадумаров буга чейин үч шайлоодо катары менен демөөрчүлөрүн банкрот кылгандыгын эске алсак, каражат жагынан да, партиясына кошулуп реалдуу күч бере турган тилектештерден да кыйналып жүрөт. Чет жерде жүргөн боордоштор менен тыгыз катташып колдоо тапканы менен, алардын шайлоого катышып колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Жан бактырып аткан жумушун таштап, шайлоо деп, башка шаарга, Кыргызстанга кетип кала албайт. Алар соцтармактардан колдогонго эле жарактуу. Бирок, башка колдоо жок болгон сон, ошентип өзүңдү жооткоткондон башка айла жок.

 

Камчыбек Ташиев да ошондой эле электоратын көбөйтүүчү партнерлерго абдан чукак болуп айласы куруп, чаң, түтүн чыккан жерге учуп жетип, жеңил желпи пиар тапканга жандалбастап жүрөт. Бул айла кеткендин белгиси.

 

Айтор парламенттен сырткаркы күчтөрдүн баары эле шайлоого катышканга шарты шайкеш эмес. Булар биригип чоң күчкө айланмайын марага жетери өтө күмөндүү. Көпчүлүгүнүн саясый көз караштары таптакыр теңирден тескери, амбициялары асмандын башында болгондуктан, биригиштери да өтө кыйын. Андан тышкары, саясый куугунтуктан жаны кутулуп, түрмөдөн чыгып, актала элек саясатчылар да шайлоо дегенде эки көздөрү төрт. Алар шайлоого катыша алышпаса катышкандарга колдоочу, агитатор болсо да шайлоонун шаңынан сыртта калбас.

 

Ошентип азыр шайлоого катышып, жеңишке жетүүгө даяр, телегейи тегиз партия жок. Мындай, реалдуу атаандаш жок шарт административдик ресурстан колдоо тапкан партия үчүн уникалдуу шанс. Бийлик программасын колдоого алган партия 50%дан ашык добуш менен утуп, толук жеңишти камсыздап, коалиция түзөбүз деп убара болбостон башкаруучу партияга ээ болуп, өнүгүүнүн жаңы этабына өтүп калышыбыз да ажеп эмес.

 

-Президенттин УӨ мүчөлөрү менен жолугушканы тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Сиз кандай ойдосуз?

 

- Президент бир топтун, же бир кландын президенти эмес да. Биз качантан бери жалпы баарыбызга бирдей караган президент болсун деп какшап келе жатабыз? Ошондуктан коомдун ар кайсы катмары менен ушинтип бейформал жолугуп, пикир алышып турганы туура деп эсептейм. Ар тараптын ойлорун угуп, баа берип, тиешелүү кадамдарга баруу менен гана саясый туруктуулукту сактоого болот.

 

УӨнүн мүчөлөрү “өлкөбүздө акыйкаттык болсун, демократия орнотолу, адилет башкаруу болсун, коррупция, авторитардык башкаруу жоголсун деп талыкпай 20-30 жыл күрөшүп келе жатышат, эки авторитардык режимди тактан кулаткан, такшалган инсандар.

Анын үстүнө, 7-апрелден кийин түштүккө барып, элди экиге бөлүп алып башкарууну көздөгөн Бакиевдерди Ошко киргизбей кууп чыккандардын башында КСДП менен “Ата-Мекен” турган, а Оштогу КСДПнын башында так ушул Сооронбай Жээнбеков турбады беле. Демек президент үчүн булар чоочун адамдар эмес. Булар авторитардык режимге каршы күрөшкөн соратниктер да.

 

Андыктан башка топтор, коомдор, экстер менен уюшулган жолугушууга караганда УӨнүн мүчөлөрү менен жолугушкан пайдалуу да, натыйжалуу да болот десек эч жаңылышпайбыз.

 

Мен муну менен “УӨнү толук реабилитация жасайлы, кайра шайлайлы, бийликке алып келели” деген жерим жок. Коомдогу “эскилер кетсин, жаштар келсин, жаңылануу болсун” дегенге каршы эмесмин. Керек болсо, булар кайрадан бийликке илешсе эртен Сооронбай Жээнбековго пайдасынан зыяндары көп болуп, кедергилери тийиши да толук мүмкүн деп санайм. Бирок ошого карабастан жолугушуп пикир алышып турган жакшы, туура деп эсептейм.

 

- Коомчулукта УӨ тууралуу терс пикирлер айтылып, 7-апрелде атылган 90 бала, түштүктөгү улут аралык коогалаңдан кайтыш болгон жарым миңге чукул жарандар үчүн айыптап жаткандарга не дейсиз?

 

- Мен 7-апрелде элди аянтка баштап баргандардын биримин. Июнь окуясында да Жалалабадга, Сампага чейин баргам. Ошто Алай мейманканасын коргогондор менен болуп, өзбек кварталдарынын чатырындагы жошо менен жазылган, тамгаларынын бою шыйпыр менен бирдей “SOS! деген жазууну тик учактан өз көзүм менен окугам. Окуяны ичинен көрүп билген адаммын.

 

7-апрелде Бакиевдердин үй-бүлөлүк, криминалдык башкаруусуна каршы эл көтөрүлүп, атылып атканда, УӨнүн мүчөлөрү камакта жатышкан. Алар атыш токтоп, Курманбек Бакиев качып кеткенден кийин чыгышкан. “Камалаарын билишип, алдын ала аткычтарды даярдап коюшкан” деген айыптоо чындыкка такыр коошпойт. Июнь окуялары боюнча УӨтү шалакылык, учурунда ыкчам чара көрбөгөндүктөрү үчүн айыптагандарга кошулса болот, бирок “УӨ улут аралык кагылышты уюштуруп, элди кырдырган” деген суу кечпейт.

 

Бакиев “түштүктү бөлүп алып, өзүнчө башкарам” ниетинде аракеттерди көрө баштаганда сепаратистик маанайдагы өзбек улутунун өкүлдөрү баш көтөрүп, өзбек тили, автономия деп тымызын көксөп келе жаткан максаттарына жетүүгө бел байлашкан. Улут аралык кагылышуунун негизги себеби ушул жерде, Кыргызстандын түштүгүндө жашашкан өзбек туугандарыбыздын, көп жылдар бою тымызын самап келе жаткан сепаратистик армандарында жатат.

 

Кыргыздар бөлүнүп-жарылып, кырылышып, алсырап, баш учун таппай турганда көксөгөн максаттарыбызга жетип алалы дешкен да. Аларды Ташкенттен, Маскөөдөн козуткандар болгону тууралуу маалыматтар бар.

 

Ошондой эле ошо кездеги күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого карата өзбектердин добушуна көз арткан айрым УӨ мүчөлөрү өзбек коомчулугун жетектеп жүргөн айрым лидерлер менен ымаласын арттырууну көздөгөн аракеттери болгон. Бирок ал аракеттер эки элди кагыштыруу максатында болгон десек жалаа жапкандык болот. Алар граждандык кагылышты көксөгөн эмес. Өзбек шайлоочуларынын добушуна гана кызыгышкан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити